Menu

Ошто жоолук контрабандасы ашкереленди

Бөлүшүү:

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде аткезчилик жүктү кармашты.

Кыргыз чекарачысы шектүү жүк ташуучу автоунааны аңдап калган. Унаа Кытайдын өткөрүү бекетинен өтүп, “Эркечтам” көзөмөл бекетине жетпестен Кытайдын аймагында туруп, чек ара тилкесине  жакын токтогон. Жүк ташуучу автоунаадан каптарды түшүрүп, унаа Кытайдын аймагына кайрадан кирип кеткен. Ал жерге дароо жетип барышкан кыргыз чек арачылары эл керектөөчү товарлар (аялдын жоолуктары) салынган 19 капты табышты.

Ошентип, чек арачылар товардын ээсин издөө жана кармоо боюнча иш алып барышканда, ал Кытай Эл Республикасынын 1971-жылы туулган Х.Ш.Ш аттуу жараны экендиги аныкталды.

Аткезчилик жүктүн жалпы наркы 82 000 сомдон ашты. Ошондуктан, кармалган жаранга айып салынып, андан аркы териштирүүлөр үчүн жүгү менен кошо Кыргызстандын укук коргооо органдарына тапшырылды.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: