Menu

Рааткан апа Батаева: “Жети балам бар, “Баатыр эне” наамын бербей жалдыратып жатышат”

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жети бала төрөгөн аялга “Баатыр Эне” ардак наамы ыйгарылып, а түгүл төшүнө орден дагы тагылат. Мамлекет тарабынан мындай ак жоолукчандарга бир катар жеңилдиктер дагы каралган. Тилекке каршы, жети баланын энеси, Өзгөн районуна караштуу Жазы айылынын тургуну Рааткан апа Батаева мындай урмат-сыйдын змдигиче бирин дагы көрө элек.

– Рааткан апа, бала-чака түгөл, а атабыз аманбы?

– Чалым экөөбүз он бир бала көрдүк. Атасы булар жашында эле каза тапты. Ушуга улай үч баламды удаасынан акыретке айласыздан узаттык. Азыр жети эле балам бар.

– Ушул тапта балдарыңыздын кимисинин колундасыз?

– Салтка ылайык кичүү уулум – эгизимдин түгөйү Асан Ормоновдун колунда турам.

– Эми мобул Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигин неге айланчыктап, эшигин сагалап жүрөсүз?

– Айтмакчы, “Баатыр Эне” наамын алганга үч жыл мурун эле бардык документтеримди тапшыргамын. Район акими Бактыбек Алайчиевге акыры даттанайын десем, ага мобул күзөтчүлөр таптакыр киргизишпейт. Же документтеримдин кем-карчын дагы толуктайын десем, ал кагаздарымды мага дагы эч көрсөтүшпөй мукуратышты.

– Өзгөн районунун акимине, же райакимчиликтин тиешелүү кызматкерине саарлап күтүп, эшиктен эле жумушуна кирип баратканда жолукпайт белеңиз?

– Ыя айланайын, мен буерде иштегендердин эч кимисин тааныбайт экемин. Же билгендер адамгерчилик кылып айтып коюшпайт. Сурасаң эле “Жок!”, “Тааныбайбыз!”, же “Жана эле чыгып кеткен!” деп айламды таптакыр курутушту.

– Рааткан апа, эми айлаңыз биротоло куруганда кантесиз?

– Чо-оң плакатка талаптарымды бадырайта жаздыртып, анан ошону мойнума илип, Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинин алдына пикетке чыгат өңдөнөм. Ошондо жалпыга маалымдоо каражаттары муну байма-бай чагылдырышса, анан аким дагы, губернатор дагы уялышканынан кызматкерлерине бирдеме дешээр? Же өздөрү чакыртып кабыл алышып, муңзарымды тыңдашаар?

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: