Бул маалыматты ЖК депутаты Аида Касымалиева айтып чыкты Анын айтымына караганда Экономика министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Айнура Жакыпова Түштүк Кореяга семинарга барган. Бирок ал командировкасынын 10 кунун окууга катышпай эле, көзүнө сурма жасатып өткөргөн экен. Депутат айымга мындай маалыматты семинар уюштуруп кыргыз чиновниктерин Сеулга чакырган KOICA уюмунун кызматкерлери айтып беришиптир. Жакыпова министрге коомдук башталыштагы гана кеңешчи болуп иштесе да, министрликтин эсебинен алыскы Кореяга барып, министрликтин ишине кол шилтеп салып, койкоңдоп көзүнө сурма жасатып жүргөнү кандай? Бул айым анда эркенин эркеси го…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ