Menu

Видео – Ташкентте агрессивдүү майорду сабап кетишти

Бөлүшүү:

Ташкентте жергиликтүү жашоочу милиция кызматкерин сабап, погонун жулган видео тарады. Окуя июнь айында болгон.

Күбөлөрдүн биринин айтымында, жаңжалды майор биринчилерден болуп баштаган.

– Милициянын эки кызматкери кыздар менен ресторанда отурган. Анан эле милицонерлердин бири ордунан туруп, коңшу столдо отурган балага тап берди. Ал анын кийимин айырып, сөгүнүп жатты. Жигит милиция кызматкеринин басмырлоосуна жооп кайтарды. Ресторандагы калган кишилер балага болушуп, ага жулунушту. Майорду кесиптеши көчөгө алып чыкты. Жаалданган топ алардын аркасынан барды. Видео көчөдөн тартылган. Ал жерде окуянын аягы жазылыптыр , –деди ал.

https://www.youtube.com/watch?v=Xqm3J_khXIE&feature=youtu.be

Кийинчерээк прокуратура укук коргоо кызматкерин сабоо фактысын иликтеп жатканы белгилүү болду. Алмалык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жаңжал чыгарган майорго эскертүү берилди. Себеби ал жеке курамга тиешелүү этика нормаларын бузган.

Жаңжалдын катышуучулары арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: