Menu

Токон Мамытов депутаттардын 79 добушу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына шайланды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна КСДП парламенттик фракциясы тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Мамытов Токтокүчүк Болотбекович шайланды. Ал депутаттардын 79 добушуна ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Акыйкатчыны шайлоого 4 талапкер катышты: Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев, Канат Азиз, Токон Мамытов. Ал эми «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлгөн Мамтурайим Момунов өз каалосу менен талапкерлигин алып салды. «Талапкерлердин арасында Токон Мамытов сындуу өтө тажрыйбалуу адамдар бар экен, аларга атаандаштык кылбай эле коеюн деп чечтим», – дейт ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Токтокүчүк Мамытовду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын жоопкерчиликтүү жаӊы кызмат ордунда ийгиликтерди каалады. Ал Акыйкатчыны ар дайым жалпы коомчулук менен жарандардын кызыкчылыгын коргоого, кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды.

Токон Мамытов депутаттарга ыраазычылык билдирүү менен бирге, депутаттар тарабынан айтылган пикирлер менен берилген сунуштамаларды такай эске алып, алардын ишенимин актоого баардык аракетин жумшай турганын билдирди.

Токтокүчүк Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Адегенде Пржевальск педагогикалык институтун, андан кийин СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун жана институтун бүтүргөн. Генерал-лейтанант чени, профессор наамы бар. Ал буга чейин Премьер-министрдин кеӊешчиси жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеп турган.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 2018-жылдын 27-июнунда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: