Эл ичинде дал ушундай күдүк суроо жаралып, бүйүр кызып турган чагы. Албетте, биз суроо салуудабыз. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дечү беле?
Былтыр президенттик шайлоо астында Сооронбай Жээнбеков дебаттан ачууланып, коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштай турганын демдүү билдирген болчу. Ооба, «балапансың» деген. Дал ошондон кийин «БӨТтүн кыңыр иштери козголобу?» деген суроо коомчулукта ачык бойдон калган. Көп өтпөй сокку урулганы эсибизде. Бабановго Кылмыш-жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондон бери ал чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Таңгалычтуусу, коррупциялык шек-шыбыры текшерилмек тургай, жакында УКМК Бабановго козголгон ошол ишти токтотуп койду. «Бийликти сатып алдыбы?» деген сөз анан чыгып атпайбы? Социалдык түйүндөрдө талкуулана баштады. Ушул боюнча тиешелүү органдар жооп берип койбосо, эл оозунда элек жок, айтылат экен, Сооронбай Жээнбековго сөз тийип атканын кантебиз?..
Тайлак Назымов
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ