Menu

Bellingcat: «Боширов» — ГРУнун полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты

Бөлүшүү:

Орусиянын RT телеканалына берген маегинде өзүн Руслан Боширов деп тааныштырган адам.

“Руслан Боширов” – Орусиянын Чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты экенин Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери таап чыкты.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Британияда мурунку орус тыңчысы Сергей Скрипалды ууландырган полковникке “Орусиянын Баатыры” наамы ыйгарылган.

Bellingcat “Бошировдун” тек-жайы ким экенин бышыктаган бир нече булагына таянууда. Ал Хабаровскиде армиянын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасында кызмат өтөгөн. Экинчи чечен согушунда маанилүү роль ойноп, 2014-жылы орус-украин чек арасына жакын жерде жүргөнү белгиленет.

Иликтөөдө ГРУнун полковниги “Руслан Боширов” деген каймана атты 2010-жылы алып, жаңы паспорту менен Москвага көчүп келгени жазылган. Орусиянын Баатыры наамы 2014-жылы, ал Анатолий Чепига болуп жүргөндө ыйгарылган. Журналисттер “Бошировго” түспөлдөш кишинин сүрөтүн Ыраакы Чыгыш жогорку аскердик окуу жайынын сайтынан таап чыгышкан.

Bellingcat менен The Insider басылмаларынын билдиришинче, бул сүрөттө Боширов-Чепига – жогорку катардын оң тарабында четте турат.

Британия Скрипалды жана анын кызын ууландырууга орус бийлигин айыптап, аны Александр Петров жана Руслан Боширов Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери ишке ашырган деп жарыялаган. Боширов менен Петров 13-сентябрда орус телеканалына маек берип, Британияга жөн гана “турист катары” барышканын айтышкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин дагы “Петров” менен “Боширов” – жарандык адамдар экенин билдирген. Москва Скрипалдардын ууландырылышына тиешеси бар экенин четке кагып, кол салуу боюнча иликтөөгө Орусиянын адистери да катышуусу керек экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: