Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев Бишкек шаарында бир жыл ичинде дем алуу органдары ооругандардын саны 36 пайызга өскөнүн айтты.
«2016-жылы дем алуу органдарынан жабыркагандардын саны 517 миңден ашык болгон экен. 2017-жылы 574 миңден ашыптыр. Бишкек шаарында эле 36 пайызга өсүптүр. Жалал-Абадда да абал начар экен. Бул оорулар эмненин айынан өсүп жатат? Шаардын, өкмөттүн көз карашы барбы? Экосистемди жакшыртуу боюнча кандай аракеттер жүрүп жатат? Каражат барбы?» деп жыйында айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго суроо узатты. Рустамов «Бишкектеги абанын булганганы ЖЭБди модернизация кылганда азайды. Башка жерлерде да зыяндуу заттарды азайтуу иштери жүрүп жатат» деп белгиледи.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ