Депутат Таабалды Тиллаев парламент жыйынында «мөңгүлөрүбүздүн абалы кандай? УКМК тараптан маалымат сыр сакталып жатканы айтылды. Мөңгүлөрдү сактоого биздин күчүбүз жетпесе, эл аралык донорлор тарабынан колдоо алалы. Тажикстан, Өзбекстан ошентип колдоо алып жатыптыр» деп айтып чыкты.
Өкмөттүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү «окумуштуулар менен иштеп, абалын карап жатабыз. Октябрда тоолор боюнча форум өтөт. Ошондо донорлор менен иштөө маселесин көтөрөбүз” деди.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ