Menu

Бабановго тийген жарык Мырзакматовду айланып өтөбү?

Бөлүшүү:

Күздүн келиши менен кылмыш иштери козголгон саясатчыларга көңүл бурулуп, алардын алгачкыларына ырайым берүү сындуу жеңилдиктер карала баштады. Азырынча түрмөдөгүлөр эркиндикке чыга элек, бирок, качып жүргөндөргө «жашыл жарык» күйө баштаганын байкоого болот.

Былтыр президенттик шайлоодон кийин УКМК тарабынан Өмүрбек Бабановго Кылмыш-жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле. Бир жылга жетпеген убакытта күнөөлүү же күнөөсүз экени белгисиз болуп, акыры аталган орган кылмыш ишин токтотту. Мунун өзү акырындык менен «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» дегенди туюндурат. Ошентип, Бабановдун бийлик менен «жең ичинен» сүйлөшүүсү оңунан чыгып отурат. Эске салсак, Өмүрбек Токтогуловичтин «саясаттан кеттим» деп жар салганы убактылуу гана артка чегинүүдөй сезилүүдө. Артын толук кандуу тазалап алган соң, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого аттанбай турганына кепилдик жок да, туурабы? Айрым маалыматтар боюнча, бийлик Алмазбек Атамбаевден чочулап атканы, ага каршы электораты арбын Бабановду каршылаш катары коёру да каңкууланууда. Кызыгы, музоо кезинде сүзүлүп калган Өмүрчик абийи Атамбаевге каршы чыга алар бекен? Мына, кептин баары ушунда…

Дагы бир жагдайды эске алсак, БӨТкө бийлик жакшы шарт түзүп бергенден кийин, бозгунда жүргөн Мелис Мырзакматовдун абалы да күйөрмандарын тынчсыздандыра баштады. «Мырзакматовго козголгон кылмыш ишин да жокко чыгаргыла, калыстык кайда?» деген да сөздөр чыгууда. Азырынча бул суроо ачык бойдон калууда. Акүйдүн позициясы, күчү түштүктө Райым Матраимов, Сүйүн Өмүрзаков баштаган белдүү жигиттердин аркасы менен чыңдалып турган соң, иш жүзүндө «Кара баатырга» көңүл деле бурулбай калышы мүмкүн. Ал эми түндүк катмарда элдин маанайы башка, бийликке карай каршылык акциясына чыгып кетүү коркунучу бар, ошондуктан Бабановго муктаждык жаралдыбы?..

Түпкүлүгүндө, Бабанов да, Мырзакматов да Сооронбай Жээнбеков үчүн жат адамдар. Убактылуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу максаттарында ийилишип, анан суудан өтүшкөндөн кийин жүз буруп кетишерин элестетип атасыңарбы? Бул жагын түшүнгөн Соке деле экөөнү тизгиндеп, көзөмөлдөн сырт калтырбаса керек. 2020-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосу эртең эле келип калат, бийлик эгелеринин даярдыктары азырынча жетиштүү деңгээлде эмес. Андыктан, алгач Бабанов, Мырзакматов сындуу олуттуу атаандаштарды көзөмөлдө кармап туруу, убагы келгенде аларды четке сүрүү менен Жээнбековдордун партиясы алдыга умтулары пландалган иштин ыргагында эле кетет го?..

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: