Menu

«Кыргыз темир жолунун» башчылыгын кимдер кыялданууда?

Бөлүшүү:

Учурда коомчулукта стратегиялык объектилердин жетекчилерин алмаштыруу жөнүндө тема кызуу талкууга алынып жатат. Булар «Кыргызалтын» ААКы жана «Кыргыз темир жолу» (КТЖ) мамлекеттик ишканасы сыяктуу «майлуу» мамлекеттик ишканалар. Алардын бири «Кыргыз темир жолуна» бирөөнүн көзү түшкөн жана керек болуп калганын ишкананын ишмердигине болгон асылуулар айтып тургансыйт. Кыргыз темир жолу кандай иштеп жатканына бааны өкмөт берет. Бул «жумшак» орунга отурууну кыялданган талапкерлер кимдер дебейсизби? Бул кызматгы кьмлданып, алтургай бир нече ирет аракет кылгандардын бири КТЖ мамлекеттик ишканасында темир жолдун курулушу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын жетекчиси Канат Абдыкеримов экендиги жалганбы? Канат мырза айыл чарба институтун аяктаган, Бакиевдин убагында өкмөттүк аппаратта иштеп жүрүп өзүнүн башчысы Асан Рысмендиев менен жакшы байланыштарды жолго койгон, бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал азыркы учурда темир жолдогу уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөндүгү ыраспы? КТЖда ошол кезде Рысмендиев темир жолду башкарьш турган жана айтылуу Нариман Түлеев орун басар болуп дайындалган соң Рысмендиев Канат мырзаны алыска кете турган планы менен өзүнө чакырганы сөз болуп жүрөт. 2010-жылдагы революция өзүнүн таасирин берип, Асан Рысмендиев темир жолдун башкы директору кызматынан ыргып, өлкөдөн качып кеткен жана чарбаны кароого Нариман Тулеев коюлганбы? Ошол маалда Канат мырза жаңы жетекчилердин арасынан өзүнө «колдоочу» издеп, көп өтпөй ага «колдоочу» катары темир жолду тескей турган министр, кочкорлук жердеши Калык Султанов болуп калганбы? 2015-жылы Калык Султанов тарабынан Канат Абдыкеримовду темир жолдун башчысы кылып дайындоо аракети болгону менен бул эргулдун тиешелүү билиминин жана иш тажрыйбасынын жоктугунан анын талапкерлиги каралган эмес. Азыркы учурда Абдыкеримов дагы бир кочкорлук жердеши, өкмөт башчы Абылгазиев менен байланышкан транспорт министри аркылуу жердешчилик байланыш түзүп, Кыргыз темир жолун жетектоого аракет кылып жаткандыгы күбүр-шыбыр кепке айланды. Айрымдардын такталбаган кептерине караганда, Абдыкеримов Кытай-Кыргызстан -Өзбекстанды байланыштырган жаңы темир жолдун курулуш долбоорлорун билүү менен (түздөн-түз ишине байланыштуу) өзүнүн колдоочуларына жер сатып берүү жана аны андан ары карай курулуш үчүн чоң суммага сатуу сындуу сунуштарын айтып жаткандыгы ырасталабы? Темир жол бул стратегиялык тармак экени жана аталган тармакты кесипкой эмес жетекчи башкарса адам өмүрүнүн курмандыктары болгон кырсыкгар да болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек го. Кудай элибизди андан сактасын! Жогорудагыдай шарттарды эске алуу менен өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев биринчи кезекте кызматка талапкерлердин кесиптик жактан жарамдуу экенин эске алып, компетенттүү кадрларды коёт деген ишеничтебиз.

Болот Турсунбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: