Menu

Исхак Пирматов, депутат: Тарыхка кайтардан мурун бүгүнкү чек араны камсыздайлы

Бөлүшүү:

– Исхак мырза, сиз Улуу Ата мекендик согушта курман болгон, же дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарына социалдык кепилдиктерди берүүгө багытталган «Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» мыйзамдын долбоорун популисттик мыйзам катары мүнөздөдүңүз. Ошол сөзүңүздү чечмелеп бербейсизби?

– Иштебей турган мыйзам экенин билип туруп кабыл алганыбыз туура эмес болот. Мен ошого карты болуп атам. Визге вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын колу коюлган кат келди. Мыйзамды ишке ашырууга бюджеттен 28 миллиард сом акча талап кылынат экен. Ал каражат кайдан алынат? Мындайча айтканда, жок акча да.

– Бирок, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары сөзсүз эле 28 миллиард, сом коротуу шарт эмес. Жылына 3 млн. сом деп босого коюп коюп, аталарынын мүрзөсүн зьмрат кылууну каалагандарды кезек менен жиберсе болорун айтып атышпайбы?

– Албетте босого коюп койго болот бергенге даярбыз. Бирок, «үч миллион сом» деп туруп, анан кийин кезекке тургандар көбөйгөндө ошол жерде дагы коррупция пайда болбойбу? Ушундай маселе бар да. Биз көрүп, билип эле жүрбөйбүзбү, социалдык жөлөк-пулдун тизмесине киргизиш үчүн акчасын алат. Бул жерде дагы «кезекке киргизип беребиз» деп коррупциялык элементтер өрчүп кетпейби? Жөнөтсөк баарын тегиз жөнөтүпгүбүз керек. Биринчи экономикабызды оңдойлу, бюджеттин тартыштыгын жоёлу, анан бул мыйзамга кайтып келеек, эч качан кеч эмес.

– Комитет төрагасы катары эмес, адам катары бул мыйзамга коз карашыңыз кандай?

– Мен адам катары кош колдоп колдойм. Бул керектүү мыйзам. Өнүккөн мамлекеттердин баардыгында мындай мыйзам болсо керек. Ошондуктан, мен айтат элем, той-топурду азайталы. Бюджет болгону 58-60 пайызга гана аткарылып атат. Солярканын тартыштыгынан биздин чек арачыларыбыз жөө басып жүрүшөт. Тарыхка кайтардан мурун бүгүнкү чек араны 100 пайызга камсыздайлы. Ал маселелер чечилгенден кийин анан тарыхка кайтсак болот.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: