Menu

Фото – Ошто милиция кызматкерлери сууда агып бараткан аялдын өмүрүн сактап калышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн курамында тергѳѳчү Тазагүл Сатарова, криминалдык милиция кызматынын кызматкери Азамат Ташболотов, эксперт-криминалисти Алмамат уулу Бурхан жана айдоочу Сооронбой Бадамовдордон турган ыкчам-тергѳѳ тобу кезектеги жарандардын чакыруусунан эрте менен саат 05.00 чамасында кайтып келе жатышып, Ош шаарынын А.Масалиев проспектисине улай шар аккан каналды бойлоп келе жаткан кыздын карааны заматта кѳрүнбѳй калганын байкап калышат.
Автомашинаны токтотуп, кол чырактарынын жардамы менен сууга кѳз салышып, бир аялдын каналда агып баратканын кѳрүшѳт. Милиция кызматкерлери аялдын артынан сууга секиришип, аны чыгарууга аракет жасашып, 100 метрден ашуун аралыкка кошо агып барышкан. Бул аралыкта тергѳѳчү Тазагүл Саттарова дагы канал бойлоп жүгүрүп, жардам чакырат. Натыйжада, Ош шаардык электр тармактар ишканасынын имаратынын тушунан аккан аял кишини А.Масалиевдин эстелигинин тушунан алып чыгышат.

Бул аралыкта дагы бир жаран милиция кызматкерлерине жардам кѳрсѳтѳт. Жабыркаган аялга жасалма дем алдыруу жасашып, эсине келтиришкен. Бул аралыкта чакырылган тез жардам кызматы келип, жабыркаган аял киши Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда бул факты боюнча Ак-Буура милиция бѳлүмү иликтѳѳ иштерин жүргүзүп жатат. Аялдын кокустукка кабылышы же  суицидке барышы мүмкүн деген божомолдун үстүнѳн иш алынып барылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: