Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Дипломаттык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн керек

Бөлүшүү:

Дипломаттык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Жогорку кызматтарды ээлеген кызмат адамдары кол алдындагы кызматкерлерге, ошону менен бирге коомдо жүрүм-туруму менен үлгү болууга тийиш. Болбосо мамлекеттик мамлекеттик кызматка келбешибиз керек. Азыр Сеулдагы аэропортто болгон көрүнүштү алсак. Жалпыга маалымдоо каражаттарында бул тууралуу макалалар жазылып жатат. Бирок тармактык министрликтен эч кандай жооп кайтаруу болгон жок. Ичинде болуп жаткан нерселердин баарын тең коомчулукка чыгарып жатат», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге ар бир жаран баа берип, конструктивдүү сынга алуусу үчүн «Ачык Өкмөт» программасына кошулган.

«Биз «Ачык Өкмөт» программасынын алкагында парламент жана жарандык коом менен өз ара аракеттешүү ачык жана айкындуулук принциптеринде жүргүзүлөт деп күтөбүз. Жада калса бюджеттик процесс да ачык болот. Эгерде мамлекеттик кызматкерлер бул жаңы киргизүүлөргө чыдашпаса, анда алар кызматтарын таштап кетишсин», – деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, айрым жетекчилердин жүрүм-турумдары  өлкөнүн бүтүндөй Өкмөтүнө көлөкө түшүрүүдө.

«Бизди туура сындап жатышат. Демек, биз буга жол берип жатабыз. Кызмат адамдары ар кандай шарттарда жүрүм-турумдун үлгүсү болууга тийиш. Мамлекеттик кызматка келүү үчүн кандай күч-аракеттерди жумшасак, мамлекеттик кызматта туруп дагы ошондой аракеттенүүгө тийишпиз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коом өкүлдөрү менен мамиле кылуу этикасын кармануубуз зарыл», – деди Премьер-министр жана дипломатиялык паспортторду пайдалануу талаптарын күчтөндүрүүнү тапшырды. Дипломаттык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн кажет», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: