Menu

Этиен Дүруф, Женевадагы ED Management компаниясынын түзүчүүсү: Дагы 11 жыл ишесем, буюрса 100гө чыгам

Бөлүшүү:

Бул адамга эң биринчи ирет жолукканда эле сурадым эле «узак, анан бекем ден соолукта жашоонун башкы сыры эмнеде?» деп. Жылмайып туруп, «дайыма позитивдуу болуу» деген болчу. Жообу бир жагынан жакса, бир жагынан канааттанбай калгам, «дагы кенен, дагы бөлөкчө айтып берсе» деп.

Бул жолу ошол кепти кайра уладык. «Мен ата-энемден 8 жашымда калгам» дейт. Чоң ата, чоң эненин колунда өсүптүр. Тестиер кези согуш маалына тут болот. Дегеле, Кыргызстанда болобу, кайсы элде болсун согушту көргөн адамдардын көбү узак жашашкан. Же болбосо узак жашагандарга көп жолугуп, көп көргөм. Көрсө, жанды сактап аман калуу, аман болуу, кандай кезең болсо да ошондон жол таап чыгуу, кандай каргаша болсо да жакшыдан үмүт үзбөө, алдыга карай жыла берүү- мына ушунун баарысы адамдын каны менен кошо айланып ал адатка, жашоо формасына айланат тура. «Окуудан, жумуштан жол болбогон учур көп болду, бирок, бир ирет да артка кайтып, токтоп калган эмесмин. Мени оптимизм менен тырышчаактык 90 жашка оңой эле алып келди. Мен компаниямды азыр да башкарам. Кичинеден кийинкилерге үйрөтүп, тапшырып атам. Буюрса дагы 11 жыл иштеп турсам, туура 100го чыгам» деди. «Эптеп Кудай күч-кубат берип жашап турсам» дебейт, «иштесем» дейт… «Мен тамак-ашты катуу иргебейм, бирок, эң башкысы тамак деп эле колума тийгенди жеп-иче бербейм. Кеп мына ушунда. Жалгыз эле дене эмес, акыл-эс да кошо кыймылда болуп турушу керек. Экөө бири-бирин жөлөгөндө анан жыйынтык болот». Булар үчүн эртең эмне иш кыларын толтурган күндөлүк дептер -ал Кудайындай маанилүү нерсе. Өткөндө жолугушуу алаарда анысын кечке барактап: «Бул жумада бир да жылчык убактым жок экен, эмки жума кьшалы» деген эле. Токсондогу кишинин бир жумада жарым сааттык бош убактысы жок экенин элестете бериңиз… Кесиби инженер. Бул боюнча атайын орто окуу жайларына 30 жылдан ашык убакыт сабак берген. Электроника дүйнөсүнө катуу кызыгып, АКШда окуп, иштеп келип, 70-жылдары атайын компьютер саткан ишкана ачкан экен. Демек, бизнесте да ийгиликтерге жеткен. Бүгүнкү күнү бул адам жетектеген ишкана билим берүү жана кесип тандоо, ошондой эле жумушсуздарга туура багыт берүү боюнча долбоорлор менен иш алып барат. Анын дайыма оптимист болуу, эч качан аракетти токтотпоо жөнүндөгү бир икаясы менин да көңүлүмдө калды: «Менин мектептеги муталимим бул туурасында бир мисал келтирген. Мен ошону эмгиче унуткан жокмун. Айтып берейин: Эки бирдей чөмөлөккө бирдей кылып тартылган каймакты куят. Анан анын ар бирине «кимиси биринчи секирип чыгып кетээр экен» деп бирден баканы салат. Эки бака бир топко чейин ойдо секирип жанталашат, дагы бирөөсү чарчаганынан кыймылсыз жатып калат. А экинчиси бир тыным албай каймакты шапшып чөмөлөктүн кырын карай секире берет, секире берет. Акыры бир кезде каймак коюлуп майга айланат. Ошондо катый түшкөн майды буту менен тээп туруп чөмөлөктүн кырынан ары ашып секирип кеткен экен…»

Жеңишбек Эдигеев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: