Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Өкмөттүн жыйынында элчи Кылычбек Султанды жактаган, ага жан тарткан пикирин айтты. Ал өз сөзүңдө: “Элчи бир нече жолу ар кандай билдирүүлөрдү жасады. Бирок Тышкы иштер министрлиги тарабынан реакция болгон жок. Бул туурабы же туура эмеспи? Биз “Ачык өкмөт” программасын ишке ашырып жатабыз. Бул биздин бардык ишибиз ачык болушу керек дегенди түшүндүрөт», – деп билдирди. Премьер бул сөзү аркылуу Эрлан Абдылдаевдин иштей албай жатканын кыйытты. Демек, Кылычбек Султандын айткандарын жүйөлүү деп жатканына караганда, Абдылдаев ээрден шыпырылганы калган көрүнөт. Буга чейин кызматтан кетээри тууралуу айтылып жатты эле. Эми элчи Кылычбек мырзанын элчиликтердеги коррупция тууралуу айткандары министрди кызматтан алууга жакшы шылтоо болгону турат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ