Menu

Алманбет Шыкмаматов кандай «жылаандын» башын чыгарды, же?

Бөлүшүү:

Жакында социалдык түйүндүрдө бел­гисиз бир Адилет Алиев дегендин шил­темеси менен түрмөдө жаткан Ө. Теке­баев жүрөк оорусунан улам «о дүйнө салыптыр» деген маалымат бир топ эле адамдарды селт эттирип алды окшойт. Мындай суук кабарды ошол эле замат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы­нын маалымат катчысы Элеонора Са­батарова «бул маалымат жалган, Теке­баев аман-эсен эле» деп билдирди. Анын артынан көп өтпөй (аталган суук кабар чыгаардан бир күн мурун) «Ата-Мекен» фракциясынын көчмө жыйынын атайы Таласка барып өткөрүп келген учурдагы фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов да «бул жалган» деп үн какты. Ошол эле учурда мындай имиш-маалыматка ка­рата «коомчулуктун реакциясын билүү үчүн кимдир бирөөлөр тараптан атай­ылап чыгарылган» деген пикирлер жа­ралды, эл арасында. Туура, бирок кимдер тараптан чыкты андай «имиш»? Бийлик­тенби же «Ата-Мекенчилер» тараптан­бы? Ал эми кээ бир саясий серепчилер «мындай жалган маалыматтын атайылап таралышы Текебаевди абактан чыгаруу­га болгон аракет» деген сыппатаманы айтып жатышат. Анан калса бул фейк маалымат жаралаардан эки күн мурун ошол эле «Ата-Мекен» фракциясынын сунушу менен Кыргыз парламентинде «Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Саля­нованын 2010-жылдары «Мегакомдогу» акцияларды жымырып алууга болгон махинациялары чынбы?» деген тариз­деги суроонун айланасында УКМК ме­нен Башкы прократуранын жетекчиле­ринин катышуусунда талкуу болгонун баарыбыз көрдүк. Бирок, аягы келип ал талкуу аны көгүлтүр экрандан көрүп ол­турган карапайым эл эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн баштары айланып калган жыйынга ай­ланып калды. Бир сөз менен айтканда ЖКдагы ошол жалпы жыйында «ата­мекенчилер» биринен сала бири улуу трибунаны пайдаланып канчалык жан­далбашса да алар ойлогондой натый­жа бере албады. Ошол эле учурларда УКМКнын экс-жетекчиси А. Сегизбаев­дин «Текебаевди каралган «Белиз-гейт» маселеси далилдүү материалдардын не­гизинде жүргүзүлгөн» деген маанайда­гы ММКларга берген маеги да көптөрдү түшүнүксүз ойлорго такап салды. Анан эле жогоркудай окуялардан эки күн өт­пөй тигинтип «Текебаев өлүп калыптыр» деген маалымат жаралып олтурат. Ал эми мындай жалган кабардын натыйжа­сында Текебаевди камактан чыгаруу же чыгарбоо тууралуу суроолор коомчулук­тун назарында азбы-көппү пайда боло түштү. Анан өзүнөн-өзү суроо жаралды, «түрмөдөгү Ө. Текебаевдин өмүрүнө ко­кус чындап эле коркунуч жаралып калса анда ким жооп берет?» деген сыяктуу. Ошондо бир ок менен эки коендуу атуу­га болгон андай аракет кимдерге пайда­луу болмокчу? Балким ушундай жасал­ма ыкмадан улам Текебаевди жакынкы учурларда түрмөдөн чыгаруу маселеси да чечилип калышы мүмкүн. Анан кал­са бул «оюн» кадимикми эле «Жетинчи ок» көркөм тасмасындагы коммиссар Максумовдун шапкесине каткан акыр­кы огундай болуп кайсы бир тараптын Текебаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгаруу үчүн жасалган соңку аракеттери болушу да мүмкүн?

«Айгай-пресс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: