Редакциядан: Стагнация – латын тилиндеги бул түшүнүктү бизче, жөнөкөйлөтүп айтканда «токтоп клуу», «сенектик» деген маани. Белгилеп кете турган нерсе- экономикадагы мындай абал, ушундай көрүнүш 1930-жылдары АКШда болсо, андай жагымсыз учурга 1980-жылдары СССРдин экономикасы тушуккан. Биздеги экономикалык жагдай, учурдагы өкмөттүн абалы, жалпы эле өлкөдөгү саясий кырдаал туурасында экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
«Президент абалдын оордугуна карабастан «өкмөттү кетирбейм» деп айтканы- «бүгүнкү күндө өкмөттүн кожоюну менмин, алардын тагдырын мен чечем, ошондуктан кетирбейм, бийликтин ээси менмин» деген сигналды берип жатканы. Башкачараак айтканда мамлекет башчынын учурдагы өкмөт туурасында антип айткан сөзү «жакынкы убактарда экономикалык кыйын кырдаал түзүлсө да, өкмөт иштей албаса да жоопкерчиликти мен алам» дегендей эле белги. Азыр болсо мамлекеттик башкаруу институттары, андагы жетекчилер деморализация болуп, экономика жылбай жатат. Мындайда азыркы өкмөт натыйжалуу иштеп кетет деп айтуу кыйын. Маанилүү өзгөрүүлөр жасалбайт. Президент Сооронбай Жээнбеков жакында ишкерлер менен жолугушуусунда: «көптөгөн маселелелер өкмөт тез-тез алмаша берген туруксуздугунан болуп жатат» деп атпайбы. Экономикада алдыга жылбай жатканыбыздын себеби өкмөттүн туруктуу же туруксуз экенинде эмес. Бул биринчиден мамлекетте маанилүү реформалардын жоктугу менен байланыштуу. Азыркы күндө экономиканын абалы чындап эле бир топ оор болуп калды, стагнацияга такалды. Ишкерлер экономиканы жараткандан кийин, алар тарабынан ар кандай нааразычылыктар болуп жаткандыктан улам ушундай жолугушуу уюштуруп, алардын проблемаларын угууга аракет кылып жатканы – бул өлкөдө экономикалык абалдын оорлоп жатканынын далили. Дагы бир ириет баса белгилеп кетким келет, мамлекеттик кызматчыларга жеткиликтүү деңгээлде эркиндик берилген жок, мамлекетте саясий атаандаштык пайда болбой калды. Бийликтин үч бутагы деп аталган Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент өзүнүн түзмө түз конституциялык функцияларын аткара албай жатат. Эч кандай реформа болбостон, бийлик кайрадан президенттин колуна топтолуп калганын ал кишинин «өкмөттүн тагдырын мен чечем» деген маанайдагы пикири далилдеп жатат.»
Алтынай БАКИРОВА
«Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ