Menu

Ыкмалар башка, жыйынтык ошол эле экен

Бөлүшүү:

Акыйкатчы кызматына ат салышкан “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова парламенттеги акыйкатчы шайлоонун жыйынтыгын эл өзү тандаган депутаттардын чечими катары туура кабылдоо керектигин айтып, таарынычын кыйытты. Бул пикири менен Рита айым, эл кандай болсо, аткаминерлер дагы ошондой болоорун, образдуу айтканда «бузулган элге бучук бий болот» дегенди эске салды. Карасартова акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыгы башкачараак болот деп үмүттөнгөнүн, бирок “ыкмалар башка, жыйынтыгы ошондой эле экен” деген ойдо калганын кошумчалады. Бул туурасында: «Мен парламенттин ишинде бир аз өзгөрүү болот деп күткөм. Өзгөрүү мурункуга караганда бар. Мурда депутаттарды күчкө салып мажбурлоо көрүнүп турчу. Азыр “эч ким бизди мажбурлаган жок” деп эле айтып жатышкан. Ошондуктан президент кысым көрсөткөн жок деп айтып жатышса парламент өзү карап, экинчи тур өтүп жылыш болот го деп ойлогом. Бирок ыкмалар башкача, ал эми жыйынтык ошол эле экен», – деп каңырык түтөттү.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: