Menu

 Эрлан Абдылдаев жетектеген ТИМ белчесинен коррупциялык иштерге батканы жарыяланды. Чара көрүлөбү?..

Бөлүшүү:

Башка министрликтердегидей эле тышкы иштер министрлигинде да былгыган көп коррупциялык иштер бар экени мындан мурда эле айтылып келген. Буларды тастыктап, Түштүк Кореядагы элчибиз Кылычбек Султан тармактагы болуп жаткан иштерди жар салды. Анда Эрлан Абдылдаев элчилик аркылуу аткарган унаа бизнестери, чет өлкөлөрдөн автоунааларды контрабандалык жол менен ташуулары,  дипломаттык номурлар, паспорттор белгисиз адамдарга пайдаланууга берилип жатканын ж.б. маселелерди белгиледи. Бул окуялардан соң тышкы иштер министринин кызматын аркалай берүүсү туурабы? Айрым экспреттерге суроо узаттык.

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:

— Элчи Кылычбек Султанов биздин тышки иштер министрлигинде коррупция Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөгө тарап кеткенин далилдер менен пресс-жыйында айтып берди. Дипломатиялык паспорттордун, номурлардын, кымбат унаалардын сатылышы, коррупцияны ишке ашыргандардын кызматта жүрүшү, тышкы иштер министринин өзүнүн түздөн-түз тиешеси бар экенин далилдейт. Бир айым мас болуп бизди бир өлкөгө шылдың кылса, ТИМ, элчи, консулдар Кыргыз мамлекетин бүтүндөй дүйнө элине, баардык мамлекеттерге шылдың кылууда. Президент менен жолугушууда АКШдагы элчи боюнча да айттым эле. Негизи, эрте чечим кабыл алып, ТИМди, элчи, консулдарды толугу менен сапаттуу жаңылоо керек.

Акылбек Жамангулов, «Республика – Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты:

— Эл аралык маселелер коргоо жана коопсуздук комитетине караштуу болгондуктан кечээ бул маселени комитетте көтөрдүм. Өкмөттөн вице-премьер-министр дагы катышты. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге өтө көп сын пикирлер айтылды. Жеке оюм: мамлекеттик кызматтын эң жогорку тепкичинде  турган адамга абдан чоң сын пикирлер айтылып жатканы өкүнүчтүү. Айтылганда да коомчулук тараптан эмес, биздин Кореядагы президентибиздин өкүлү, мамлекетибиздин өкүлү – элчи тарабынан айтылып чыкты. Кандай ызы-чуу болсо да, бул нерсе өзүбүздүн мамлекеттин ичиндеги, мамлекеттик органдардын ичиндеги ич ара иш болчу. Бул маселе кандай болсо дагы ич ара чечилиши керек эле. Кечээги болгон окуяны баардык мамлекеттик эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катуу тыңшап отурушту. Бул биздин мамлекеттин аброюна шек келтиргенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен оюм боюнча, тышкы иштер министрлигинин ичиндеги башаламандыктын негизинде ушундай нерселер болууда. Албетте айтылган сын пикирлер, коррупцияга байланышкан иштер боюнча укук коргоо органдары өкмөт башчы дагы буга көңүл буруш керек. Бирок элчи чыгып алып оюн айтып, пресс-конференция берип баштаса – бул биздин өлкөнүн ичиндеги башаламанлдыктын белгиси. Ошондуктан тышкы иштер министрлиги да өзүнүн кадрдык саясатын жүргүзүп жатканда ушунун баарын эске алуу менен чет жакка дайындап жатканда кадрдык дипломаттарды жөнөтсө туура болмок да… Министрдин өзү боюнча айтсак, кадрдык иштери боюнча бир топ маселелер бар. Менин билишимче “Дело №…” гезитине чыккан маалыматка ылайык, укук коргоо органдары, башкы прокуратура УКМКнын өкүлдөрү азыр министрликтин ичинде текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кечээ да маселе көтөрүлдү, министрликтин ичинде берилип жаткан дипломаттык паспорттор боюнча башаламандык болгон үчүн ушундай нерселер болуп жатат. 2011-жылдан бери тышкы иштер министрлигиндеги абал жаңырган эмес. Андан бери өкмөт курамынын түзүмү эки-үч ирет өзгөрдү. Ошол өзгөрүүгө ылайык структура дагы өзгөрүш керек эле. Тез арада өзгөртүүлөрдү киргизип, кимге кызматтык паспорт бериш керек, ким андайга татыктуу эмес, баары аныкталып чыгышы шарт.

Турат Акимов, журналист:

— Кылычбек Султан туура эле кылды деп эсептейм. Ал Акүйгө, Көкүйгө кайрылганын эч ким укпаса, эшигин жаап койсо, маалыматты чыгартпаса, түз кайрылып чыккан туура. Ал 60-70 миң нускасы бар “Супер инфо” гезитинин ээси. Атын чыгарбай эле жалаякты жайып салса болмок. Журналист болгон үчүн ачык-айкын айтып салды. Аны “туура эмес этика, дипломатия” деп чыгышты. Сен маселени чечишиң керек. Жүз жолу кайрылсаң, эч тыянак чыкпаса, айласыз пресс-конференция берип чыкты да. Колдойм. Кээде айла жоктон пресс-конференция бергенге аргасыз болосуң. Бийлик дүлөй болсо, дудук болсо, эч кандай чара көрбөсө, ал линиясы менен жөнөткөн каттары каралбаса, сасып, былгып эле жата береби. Ошон үчүн “ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” деген кеби чындыкка жатат. Сеулга Кылычбек Султан элчи болуп отурган жерди көрүп отурабыз. Социалдык министрликтин үч айымы ар кайсы нерселерди жасап, ичип, үч мамлекеттин ортосунда жаңжал салып, анан “дары ичкем” деп жомокту айтып, 100 миң долларга айыпка жыгып жатат. Ал акчаны ошол айым төлөйбү, же ал дагы кыргыз элинин мойнуна түшөбү?.. Дипломатиялык кызмат негизи купуя болушу керек. Дипломатиялык нормалар боюнча купуя сырларды эч кимге айтпаш керек. Жанагы болуп жаткан окуянын башка мамлекеттерге эч тиешеси жок. Өзүбүздүн ичибизде ирип жаткан маселелер. Биздин өзүбүздүн тышкы иштер министрлигиндеги коррупция жөнүндө сөз болуп жатат. Эгерде Кылычбек Султанов башка мамлекеттерге тийиштүү маалыматтарды чыгарса, өтө опурталдуу болуп калмак. Алардын кызматы негизинен эле тымызын иштерди аткарган купуялуу иш. Азыр министрликтин ичинде эмне болуп жатканын, коррупциялык иштерин, дагы кандай иштер чубалып чыгарын айтууга кичине эртерээк болуп турат.

Алишер Мамасалиев, экс депутат:

— Эрлан Абдылдаев жетектеген ТИМ белчесинен коррупциялык иштерге аралашканы ачык айтылып, коомчулукка жарыя болду. Бул тармак боюнча айта турган сөздөр көп. Эки маанилүү маселе боюнча комментарий бере кетейин. Биринчи – өкмөттүн структурасы боюнча. Баарыбызга белгилүү болгондой, тышкы иштер министрлиги өкмөт структурасындагы эң жогорку орунда турат. Бул бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө тышкы иштер министрлиги эң таасирдүү министрлик болуп саналат. Себеби, тышкы саясат – бул көп тармактарга таасир берет. Экономика, маданият, туризмге социалдык тармакка таасири чоң. Башмыйзам боюнча тышкы иштер министрлиги өкмөттүн структурасында болгондон кийин премьер-министрге баш ийиши керек. Бирок бүгүн тышкы саясат боюнча кадр маселесин президент көзөмөлдөйт. Структурада ушундай маселе бар. Экинчи маселе – тышкы иштер министрлиги боюнча көп суроолор бар. Бизге белгилүү болгондой, элчилер – булар эң жогорку кызматтарды аркалаган адамдар. Тышкы саясатта жөнөкөй адамдар, саясатчылар иштей албайт. Сөзсүз түрдө адистер жумушту аткарыш керек. Сөзсүз түрдө бул тармакта реформа жасоо зарыл. 50% элчилерди алмаштырыш керек. Укук коргоо органдары, УКМК айтылып жаткан коррупциялык иштерди тез арада текшерүүгө алып, күнөөсү барлар жазасын тартып, кызматтарын тапшыруулары зарыл.

Жамиля Нурманбетова

Булак: Азия ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: