Menu

Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил “Түндүк” бажысына башчы болуп келди

Бөлүшүү:

Учурда бүтүндөй коом өзгөрүүнү көксөп турганы жашыруун эмес. Айрыкча саясаттагы эски жүздөрдөн тажады. Акыркы учурларда кыргыз саясатында «кан алмашуу» жүрүп, жаштарга басым жасалып жатканын айта кетсек болот. Бирок, жаштар бийликке келип атат урааны менен баягы картбөрүлөрдүн «бөлтүрүктөрү» баш көтөрүп жатканы, улам бири майлуу-сүттүү кызматтарга дайындалып жатканы кайчы пикир жаратууда. Сөз оролуна жараша өлкөдөгү жаңылыктын бирине көңүл бурсак, кадимки Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиев «Түндүк» темир жол бажысына орун басар болуп дайындалды. Экинчи революцияда оор сыноону баштан кечирген генерал Молдомуса акебиз жети жыл бою дарыланган соң былтыркы президенттик шайлоодо азыркы ажонун бучкагына жабышып, капталында шынаарлап жүрдү эле, шыбагасына ушул кызмат тийген окшойт. Кут болсун дейлик!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: