Menu

Шайлоо жакындады, Төрөбаев баш көтөрдү

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү «Өнүгүү-Прогрссс» саясий партиясынын лидери, баягы Бабановдун «премьер-министри» Бакыт Төрөбаев ар тармакта активдүүлүгүн көргөзүүдө. Текирең таскагы чыгып, былтыркы шайлоодо өкмөт башчы болуу айгайын унутуп, акырын жылып 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун камын көрө баштады. Төрөбаевден башка, абийири бийик инсан болгондо, өткөн күнүн эсепке алып бөгүп жатмак. Анткени, шайлоо алдындагы шарактаган сөздөрү элдин кулагында күнү бүгүнкүдөй жаңырып турат.

Эсибизде, 2014-2015-жылдары Бакыт Эргешович «Өнүгүү» деген партияны түптөп, аны элге таанытууга болгон аракетин жасаган. Парламенттик шайлоодо «эшеги» ылайдан өттү, ошо менен баягы эл үчүн демиш болуп жасап жаткан аракеттерин токтотту. Тактап айтканда, 2015-жылдагы шайлоонун алдында алыскы айылдарга борбордон дарыгерлерди алып барып, элге күйгөн адамдын образында элдин ден соолугу текшерткен, МТС ачып дыйкандарга жардам беримиш этип чуркап жүргөн Төрөбаев шайлоодон кийин кумга сиңген суудай жок болгону жашыруун эмес да…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: