Menu

Фото – ИИМ: Мурда жасалган адам өлтүрүү фактысын изилдөөнүн жүрүшүндө бир катар оор кылмыш иштеринин бети ачылып, бир нече кылмыштуу топторго бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

2017-жылы ички иштер министрлигинде өз алдынча бөлүм-Криминалдык милиция кызматы түзүлүп, алардын алдына өткөн жылдардагы резонанс жараткан кылмыш иштеринин бетин ачууга багытталган тапшырмалар коюлган.
2011-2014 жана кийинки жылдары коомдук кызуу талкуу жараткан оор кылмыштар, адам өлтүрүү, карактоо, тоноо, мүлктөрдү уурдоо, 2014-жылы акча алмаштыруу пунктунун жумушчусун өлтүрүү фактыларынын бети ачылбай келген.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин айтымында, мурда жасалган оор кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө күтүлбөгөн фактылар орун алып, мурдагы кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуунун натыйжасында ондогор адамдар кармалып, бир катар кылмыш иштеринин бетин ачуу менен бир нече кылмыштуу топторго бөгөт коюлган.
2014-жылдын 25-апрель күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын “Көк-Жар” жаңы конушунда 1992-жылы туулган Изатбек Темирбердиевге кол салышкан. Ал каршылык көрсөткөн учурда кылмышкерлер “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчадан жана жаракаттандыруучу тапанчадан ок чыгарышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Ал эми уурдалган автоунааны жаңы конуштун жээгине таштап кетишкен. И. Темирбердиев оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ок атуучу куралдан алган жаракатынан каза болгон. Кийинчерээк маалым болгондой, “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчаны жок кылышып, ал эми жаракаттандыруучу тапанчаны башка жакка берип коюшкан. Жогорудагы факты боюнча 2014-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Оор кылмыш ишин ачууга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, төрт жылдан кийин ачылды. Мурда ички иштер министрлиги маалымдагандай, 2018-жылдын 1-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жыйынтыктоодо ички иштер министри Кашкар Джунушалиев өткөн жылдарда резонанс жараткан кылмыш иштерин иликтөө жана бетин ачуу, кылмышкерлерди издөө менен кармоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, кылмыш иштерин калыс жана сапаттуу иликтөөнү күчөтүү керектигин билдирген.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Тергөө кызматынын акча алмаштыруу пунктунун жумушчусунун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө 10дон ашык кылмыш ишинин бетин ачышып, кылмыш жоопкерчилигине ондогон адамдар тартылган. Мурда соттолгон адамдар, кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратылган адамдар дагы суралган. Дыкаттык менен тыкыр иликтөөнүн натыйжасында далилдер табылып, тоноочулар менен карактагандардын изинен түшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө өзгөчө коркунучтуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, бир катар кылмыш ишинин бети ачылган жана азыркы учурда аларга адам өлтүрүү, карактоо, уурдоо боюнча кылмыш иши козголду.
2018-жылдын башында кылмыштуу топту кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан ЖАМКтын түзөтүү мекемесинде жазаларын өтөп жүрүшкөн төрт адам суракка алынган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү 2015-жылы кышында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ок атуучу куралды колдонуу менен бир катар каракчылык жасашкандыгы үчүн кармалышкан. Кармалгандардын бирөөсүнүн жашаган жерине текшерүү жүргүзгөн учурда жаракаттандыруучу тапанча табылып алынган. Ушул эле тапанча башка кылмыш ишинде колдонулгандыгы аныкталган. Баллистикалык эскпертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган тапанчадан акча алмаштыруу пунктунун жумушчусу И. Темирбердиевге ок чыгарылганы такталган. Бирок, ушул эле учурда бул тапанчанын ээси ким экендигин далилдөөгө мүмкүн болгон эмес.
Ушул жылы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине далил катары жүргөн жаракаттандыруучу тапанчанын ээси аныкталып, түзөтүү мекемесинде жазаларын өтөп жүрүшкөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен кошо каракчылык жасашкан дагы бир адамдын өздүгү такталган. Адам өлтүрүү фактысынын бетин ачуу жана кийинки иликтөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде уурулук, тоноо, карактоо боюнча өзүнчө бөлүнүп алынган кылмыш иштерин ачуу максатында ЖАМКтан Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайларына соттолгон кылмыштуу топтун 6 катышуучулары алынып келинген. Тергөө учурунда алардын башка дагы уурулук, тоноо жана карактоо боюнча кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо жана сатууга тиешеси бар бир катар адамдар (анын ичинде соттолгондор дагы бар) маалым болгон.
Жогоруда көрсөтүлгөн тапанча колдон-колго өтүп жүргөндүгү жана ыкчам кызматкерлердин иликтөөсү менен бул куралды ортомчу катары сатып алуучулар менен саткандарды тааныштырып жүргөн жарандын изинен түшүшкөн. Маалым болгондой, ал ЖОЖду аяктаган соң айылдагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келген. Ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөр жогорудагы тапанчанын азыркы ээлерин аныкташып, алар Ысык-Көл районунун эки тургуну болуп чыккан. Тергөө иштерин жүргүзүш үчүн алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Аныкталгандай, 2014-жылы ок атуучу куралды көчөдөн 10 000 сомго мыйзамсыз сатып алышкан. Бул жарандар ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана сатуу беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Ондогон адамдар, анын ичинен соттолгондор дагы суралып, алардын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы маалым болгон. Бирок, ок атуучу куралдын баштапкы ээсинин өздүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштери уланып, кийин ал “Таке” каймана аттуу жаран экендиги, андан 2014-жылы сатып алынгандыгы такталган. Белгилүү болгондой, шектүү эч жакта иштебей жана кымбат баалу автоунаада жүргөн.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КМКнын кызматкерлери башка коркунучтуу кылмыштуу топтун изинен түшүшкөн. 2018-жылдын февраль айында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынан Талас облусунун 1977-жылы туулган Д.Т. аттуу тургунун (жогорудагы Таке), Жалал-Абад облусунун 1985-жылы туулган К.М. аттуу жашоочусун кармашкан. Милиция кызматкерлери алардын акча алмаштыруу пунктунун жумушчусун өлтүрүүгө жана башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныкташкан. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жогоруда аталган Д.Т. аттуу шектүү уурулук, тоноо, каракчылык жасоо максатында кылмыштуу топту уюштурган. Аталган кылмыштуу топ “Көк-Жар” жаңы конушундагы каракчылык жасоо менен акча алмаштыруу пунктунун жумушчусун өлтүрүшкөн. Коркунучтуу кылмыштуу топтун курамында 1977-жылы туулган Д.Т. жана анын шериктеши болгон. Ушул кылмыш ишин иликтөө менен бир нече башка оор кылмыш ишинин бети ачылган.
2011-жылы январь айында аталган кылмыштуу топ башка бирөөнүн мүлкүн уурдашкан. Кылмышкерлер Бишкек шаарындагы үйлөрдүн бирине киришип, башка бирөөнүн мүлкүн жана жаракаттандыруучу тапанчаны октору менен уурдап кетишкен. Уурдалган тапанча Изатбек Темирбердиевдин өлүмүнө жана башка карактоого тиешеси бардыгы аныкталган.
2014-жылы январь айында кылмыштуу акча алмаштыруу бюросунда иштеген шаар тургунунун (аял киши) үйүнө кирип барышып, каракчылык жасашкан. Аны тапанча менен коркутушуп, абага бир нече жолу ок чыгарышып, 3 500 АКШ долларын жана башка буюмдарын алып кетишкен.
2012-жылдын март айында кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан дагы бир шаар туругунунун (аял киши) үйүнө кирип барышып, сыйлыкка берилген “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчаны, зергер буюмдарын уурдап кетишкен. Ушул эле айда Бишкек шаарындагы “Карден Констракшн” ЖЧКнын кеңсесинен жеке мүлктөрүн, анын ичинен 3 000 АКШ долларын, ноутбукту уурдашкандыгы маалым болгон.
2018-жылдын май айынын аягында Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жүргүзгөн рейддик иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү маалда “Тайота-Карина” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Автоунааны 1989-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран башкарып келе жаткан жана ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жаракаттандыруучу тапанча октору менен табылган. Автоунаанын ичин текшерүү учурунда хамыт, медициналык бет кап, кол кап, ар кайсы уюмдардын күбөлүктөрү жана башка буюмдар табылган. Автоунаанын ичиндеги үч жүргүнчү дагы кармалган. Аныкталгандай, алардын ичинде адам өлтүргөн жана каракчылык жасашкан жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы бар болгон. Алардын бирөөсү өзүн башка ат менен атаган. Дагы бир изделип жаткан шериктеши Чүй облусунун Москва районунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында кармалган.
ИИМдин КМКнын кызматкерлери жүргүзгөн комплекстүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыштуу топтун тиешеси бар башка кылмыш иштеринин бети ачылды.
2017-жылдын октябрь айында Аламүдүн районунда аталган кылмыштуу топ өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн (сефтин ичинде 5 000 000сом, 10 000 АКШ доллары, алтын буюмдар) уурдашкан. Жабырлануучуга жалпы суммасы 7 000 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.
2017-жылдын январында Беш-Күнгөй айылында 25 000 сом, тиричилик техникалары уурдалып, жүз миң сомдук зыян келитирлген. Ушул эле айда Орто-Сай айылында дагы 1000 АКШ доллар турган алтын буюмдар уурдалган.
2017-жылдын аянварь айынын ортолорунда Воронцовка айылында дагы уурулук жасоого дагы аракет болгон.
Андан сырткары, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында дагы уурулук катталганы маалым болуп, анда эки сыналгы, алтын буюмдар уурдалып, жалпы суммасы 150 000 сомдун зыян келтирилген.
Жогорудагы кылмыштар боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, кармалган жарандар кылмыштарды жасашкан жайларды өздөрү көрсөтүп беришкен.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иштери Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилди.

Сүрөттө кармалган адамдар:

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: