25-сентябрда көпкөн айдоочунун видеосу социалдык тармактарда тарап, коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салды. Анда «Мега Комфорт» соода борборунун жанында «N1111В» номерлүү мерседес унаасын айдаган зөөкүр унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин сүзүп, анысы аз келгенсип сабап салган. Коомчулуктун чуру-чуусунан кийин күч түзүмдөрү кыймылга келип, айдоочусун колго түшүрдү. Андан соң кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен иш козголуп, камакка алынды. Албетте, бул көпкөндүк белгиси. Эч кимди көзгө илбей калганын унаасына таккан номерден эле билсек болот. Эми байлыкка көпкөндөрдүн бардыгына сабак болушу үчүн жапа чеккен тарап кечирим берген күндө да, бул эргулга эң жогорку жазаны бериш керек. Анткени факты бар. Болбосо акчасына чиренген эргулдар дагы далай жерде бей-бечараны тепкилеп, сабап, өлтүрүп кете берет.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ