Menu

Өзбекстан мажбурлап иштетүү үчүн жазаны катаалдатат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Ишке орноштуруу жана эмгек келишимдери министрлиги мажбурлап иштетүү үчүн каралган айыппул өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштаган документ даярдады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, алгачкы жолу мажбурлап иштетүү үчүн айыппул өлчөмүн 20дан 50 минималдык айлык акыга чейин, экинчи жолу кайталагандар үчүн 50дөн 100 минималдык айлык акыга чейин жогорулатуу сунушталууда. Учурда бул берене боюнча айыппул өлчөмү 1-3 минималдык айлык акыны түзөт.

Министрликтен кабарлашкандай, пахта теримге мажбурланган жарандар үчүн мекеме атайын тынымсыз байланыш номурларын ачып, ар бир кайрылуу боюнча текшерүү жүргүзүүдө.

Өткөн жумада өзбек ЖМКлары 10-сентябрдан 27-сентябрга чейин калкты пахта терүүгө мажбурлаган бир нече кызмат адамы жоопкерчиликке тартылганын жазышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, бул мезгил ичинде министрликтин тынымсыз байланыш кызматына пахта терүүгө мажбурлоо фактылары тууралуу жалпысынан 410 жолу кайрылуу болгон. Алардын 228и каралып, 26 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 202си аныкталган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: