Menu

Премьер-министр Абулгазиевге салам кат

Бөлүшүү:

Жер соорусу Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын атына заты жарашкан кызыл сууда чай ичип, кир жууп жаткан элден.

Урматтуу Махаммедкалый Дүйшекеевич! Биз кызыл-суулуктар көйгөйүбүздү президенттик шайлоодо, парламенттик шайлоодо дагы айтканбыз. Өткөндө “Элдик репортер” берүүсүнөн дагы көрсөттү. Эч майнап чыккан жок. Кызыл-Суу райборбору кызыл суу, ботко суу, чыла суу ичкенибиз-ичкен. Көңүл бурган киши жок. Акимибиз болсо Жүдөев Калыс Асанжоевич эл үчүн маселе чече албай жүдөп бүтгү. Бирок өзү үчүн тың жашайт. Козу, улактын этин жесе ичи өтөбү? Түшпөс хан мамкаттоонун башчысы Өмүржанов Малик, дагы башкасын ээрчитип алып Жети-Өгүздүн тоосундагы аркар, кулжаны кырып бүтүштү. Буларга эч кимдин алы жетпей калды.

Урматтуу өкмөт башчы!

Өзүңүз атайын Жети-Өгүзгө келип, эл менен жолугушуп, Кызыл-Суудан кайнатылган чайдан ичип, жогорудагы район жетекчилеринин кылык-жоруктарын жалпы элдин оозунан угуп, иштен алсаңыз алып, жок дегенде элдин алдында ашата сөгүп кетпесеңиз болбой калды.

Сизди чыдамсыздык менен күткөн жалпы Жети-Өгүз эли, өзгөчө Кызыл-Суу айылынын жашоочулары!

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: