Menu

Акыйкатчы акыйкат шайландыбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады. Аны бул кызматка Социал-демократтар фракциям сунуштаган. Бул кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайым Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган. Ошентип депутаттардын 79 добушуна ээ болгон 65 жаштагы генерал Токон Мамытов Кыргызстандын бешинчи акыйкатчысы болуп шайланды.

Алмазбек Баатырбеков, ЖКнын депутаты

– Негизи бийликтин кадр саясаты тууралуу акыркы үч шайлоо боюнча парламентте да бул маселе каралып жатканда өз оюмду айткан болчумун. Негизи коомчулукта артынан сөз ээрчиген адамдар кызмат ордуна келип калса талкуу көп болуп, коомчулукта негатив жаралат. Биз, айрым депутаттар Мухаммедкалый Дүйшекеевичке өзүңүз го иштеп жатасыз, бирок алып келген адамдарыңыздын ишти алдыга жылдырып кетиши кыйын болуп жатат деп айтканбыз. Азыр тажрыйбасы орто деңгээлге өскөн адамдарды тартып жатышат. Ошого байланыштуу жаңы кызматка алар көнгүчөктү, премьер гана иштеп жаткандай сезилип турат. Ошол себептен шайлоодогу кадр саясаты туура эмес жүрүп калгандай болуп жатат. Ал эми мэрди дагы, акыйкатчыны дагы фракция туура деп көргөн кандидаттарын чыгарышты. Депутаттар тандоо кылышты, тандоолорун сыйлашыбыз керек. Менин жеке пикиримде экөө тең татыктуу иштеп берет деп ишенем. Мезгил көрсөтөт.

Ташполот Балтабаев, коомдук ишмер:

– Кадр саясатынын мамлекетте жок болгонуна көп болду. Азыркы бийлик да мурунку көчтү ого бетер терендетип улап кетип жатат. Бул коч Кыргызстанды туюкка (тупик) алпарып тыгат. Кыргызстан эчак эле Швейцария, Сингапур, Малайзия болуп бүтүп, эми коррупциясы жок апапакай таза мамлекет болобуз. Жаңы бийликти эски арзыматтар эчтеке боло электе мактаган ырын токтоткула, конструктивдүү сын-сунуштарга өтүшүбүз керек.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты

– Соцку учурда мен таң калып жатам. Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каякган издеп табасыңар, таң калам. Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бирине да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. Ага карабай коомчулуктун кыжырын келтирген кишилерди улам-улам сунуштап жатасыңар. Акыйкатчы институтунун жалпы саясатын өзгөртүү, реформа жасоо үчүн башкарууга духу бар адамдарды алып келишибиз кере Алдай кишилер талапкерлердин арасы да бар. Тил алчаак акыйкатчы болбош керек. Токон Болотбекович адам катар, абдан жакшы киши, бирок акыйкат кызматына жарабайт. Мурдагы бийликтердин тушунда элдин таламын таламын талашкан билдирүү жасабаган адам карапайь калктын укугун коргой албайт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: