Menu

Айнура Сагынбаева, врач-дерматокосметолог: Көзүн жасатса эле сулуу болуп кетем деп ойлогондор бар

Бөлүшүү:

Мезгил алмашкан сайын мейли айымдарбы, мейли мырзаларбы өз келбетине кам көрүп, сөзсүз түрдө бет терилерибизди азыктандырышыбыз керек. “Сени эч ком табиятыңдан кандай жаралсаң ошол бойдон сүйбөйт, сени сулуу, ийгиликтүү, ажарлуу, позитивдүү болгон учурда гана сүйүшөт ” деген кеп бар эмеспи, анын сыңарындай мен кандай болсом ошол бойдон кабыл алсын дегенден алыс болуп, айымдар өзгөчө өзүбүздүн сулуулугубузга өзүбүз кам көрүүбүз кажет экен. Өз казаныбызда өзүбүз эле кайнай бербестен, профессионал адистердин да кеп-кеңешин угуп, жылына жок дегенде бир жолу барып туруубуз ашыкча болбостугун адистер эскертишет. Мына ошондой айымдардын сулуулугу үчүн жан үрөп жүргөн сулуулук жаратуучуларынын бири Айнура Сагынбаева менен маек курдук.

– Айнура айым, биздин өлкөдө массалык түрдө косметологдорго баруу, сиздердин кызматтан пайдалануу кайсы жылдан башталган?

– Мен косметология жаатында 20 жылдан бери кызмат кылып келем. Эң алгач бул тармакка келгенде, жаңыдан гана бул кызмат жанданып баштаган кез болчу. Ал учурда косметологдорго кандайдыр бир маселеси бар адамдар гана кайрылышчу. Эч кандай маселеси жок, жөнөкөй дени сак адамдарга косметологго баруунун кажети жок деген түшүнүк бар эле. Акыркы 5-10 жылдын аралыгында өлкөбүздө косметология абдан өнүктү десем жаңылышпайм. Элибиздин косметологияга болгон көз караты абдан өзгөрдү. Айымдар биздин кызматтан сөзсүз пайдаланып турууну адат кылып алышты. Бет терисинин майлуу же кургак экенин билиш үчүн, жөнөкөй эле кандай бет майларды колдонуу керек деген сыяктуу суроолор менен кеңеш сурап келген айымдарыбыз көп. Айрымдары буга чейин кандайдыр бир процедураларды жасатыш үчүн чет өлкөгө барып келишсе, бүгүнкү күндө бизде атайын адистер, каражаттар, шаймандар бар. Айтор башка мамлекетке барып отурбай, өзүбүздөн жасатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. А түгүл бизге Орусия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен келип жасатып кетип жатышат.

– Акыркы учурларда көздөрүн чоңойткон кыздарды көп көрүүдөбүз. Деги эле бул процедура пластикалык хирургдардын арасында өтө популярдуулукка ээ болсо керек? Негизи кайрылгандардын бардыгына эле жасай бересиздерби же кээде жасатпоого да кеңеш бересиздерби? Пайдасы, зыянына да токтоло кетсеңиздер?

– Бул процедураны блефаропластика деп атайбыз. Туура айтасыз, учурда процедурага талап абдан күчтүү. Бүгүнкү күндө КМШ жана Орто Азия мамлекеттери боюнча блефаропластика биринчи орунду ээлеп турган процедура. Суроо-талаптын күч болгонунун себеби кыздарыбыздын көзүн чоңойтуп, европалык айымдарга окшошкусу келгени болууда. Ким жасатууну чечим кылса ар кимдин оз эрки. Бирок бул процедураны баарына эле жасай берүүгө болбойт. Кээде көзү жакшынакай болгон кыздар келип “Операция кылып бериңиздер” – деп суранышат. Өздөрүн кандайдыр бир себептерден улам сулуу эмес деп эсептеп, көзүн жасатса эле сулуу болуп кетем деп ойлогондор бар. Алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзүнө болгон бааны көтөрүүгө болгон аракеттерди кылабыз жана блефаропластика жасатпаса деле болоорун сунуштайбыз. Менин практикамда кыздарды бул процедурадан баш тарттырган учурлар көп жолу болгон. Жакында эле 56 жаштагы айым келип, аталган процедураны жасатам деди. Тилекке каршы, ал айым гипертоникалык оору менен жабыркагандыктан, ден соолугуна байланыштуу жасатууга болбойт экен. Бирок ошого карабай “Бардыгына өзүм жооп берем, жасай бергиле” – деп суранды. Канчалык сурангандыгына карабай, биз процедураны кылуудан баш тарттык. Ал эми пайда-зыяны тууралуу айта турган болсок, негизи пайдалуу жагы албетте сулуулукту арттырат, кээде тек гана сулуулук үчүн эмес, ден соолукка байланыштуу да жасалуусу мүмкүн. Маселен кээ бир адамдардын тубаса көздөрүнүн үстүндөгү катмары ылдый түшүп турат. Алар көздүн көрүүсүн начарлатышы толук ыктымал. Мындай учурда сөзсүз жасатууга туура келет. Ошондой эле жаш өткөн сайын азиаттардын жалпысынын эле көзүнүн үстүндөгү терилери ылдыйлап кетет. Бул дагы көздүн көрүүсүн начарлаткандыктан, медицинада процедураны жасатуу сунушталат.

– Мейли айымдарбы, мейли мырзаларбы, бетти канча убакытта бир тазалатып туруу керек?

– Негизи бетке өтө кылдаттык менен мамиле жасаш керек. Бет адамдын ички органдарынын, энергетикасынын күзгүсү болуп калат. Эгер сиз туура эмес тамактансаңыз ал сөзсүз түрдө бетке чыгат жана өзүңүзгө кам көрбөсөңүз сөзсүз бетиңизден көрүнүп калат. Ошондуктан бетке өтө аяр мамиле жасап, беттин таза болуусуна көңүл буруңуздар дээр элем. Бетти тазалоо бул эки типке бөлүнөт. Бири кадимки биз билип жүргөн үй шартында тазалоо. Маселен өз алдынча тазалоочу каражаттарды колдонуу жана экинчиси химиялык тазалоо. Химиялык тазалоого пилинг сыяктуу процедуралар кирет. Бул ар кандай беттеги тактардан, безеткилерден арылтуучу жакшы процедура болуп саналат. Пилингдин сезону кеч күздө башталат да, эрте жазда токтойт. Себеби бул учурда ультрафиолет нурлары жок болот. Ошондуктан пилингге азыртадан баштап жазылуулар жүрүп жаткан убагы. Бул дагы өтө популярдуу процедура десем жаңылышпайм. Элдин көбү бетти тазалап туруу керектигин жакшы түшүнүп калышты. Айта кетчү нерсе, бетти тез-тезден туура тазалоо керек. Туура эмес тазалап алып, тескерисинче бузуп алгандан да сактануу керек. Ошол себептен профессионал адистерге кайрылыңыздар дейт элем.

– Ботокс да учурда өтө популярдуу. Канча жаштан өйдө сунушталат бул процедура?

– Ботокс дегенде эле көпчүлүк кыргыз айымдар коркунучтуу нерседей кабыл алат экен. Бирок бул процедура азыркы учурда косметологияда колдонулган эң мыкты каражаттардын бири болуп эсептелет. Анын эч кандай зыяны жок. Ботокс теринин булчуңдарына, кыймыл-аракеттерди жасай турган турган нервдерге сайылган инъекция, укол түрүндө сайылат. Көбүнчө көздүн четтерине, эки каштын ортосуна, эң көп кыймылга келүүчү булчуңдарга сайылат дагы, ошол булчуцдарды катыруучу касиетке ээ. Катып калган булчуңга эч кандай бырыш түшпөйт. Кичинекей бырыштарды жогото алат. Ботоксту сайгандан кийин 3 күндөн кийин иштеп баштайт жана 6 айдан 8 ай, кээде бир жьшга чейин сакталат дагы, андан кийин денеге сицип жок болуп кетет. Ошондуктан мындан коркпой деле койсо болот.

-Азыр жаш кыздардан тартып, улгайган апаларыбызга чейин ооз көңдөйүн чоңойтуу модага айланып бара жаткандай. Улгайган айымдардын жасатуусу начар көрүнөт женин жашырууга болбойт. Сиздер жасатпай эле коюңуздар деп айтасыздарбы?

– Оозду чоңойтуу да чыңыңда өтө популярдуу. Филлерлер менен жасайбыз. Мунун эч кандай зыяны жок. Өмүр бою сакталбайт, эй көбү бир жылга чейин сакталат. Ошол себептен кайра эле өзүмдүн оозумдун формасы калыбына келет экен да деген ой менен бир жылга жасатышат. Улгайып калган эжелердин арасында өтө популярдуу болгонунун себеби, жаш өткөн сайын ооздун четтериндеги бырыштар түшүп баштагандыктан, бырыштан арылуу үчүн жасатышат. Бизге жаш болобу, улгайган эжелер болобу оозун чоцойтом деп келгенде, туура форма тандаганга көңүл бурабыз. Кээ бирлери оозум аябай чоң болсо жарашып калат дешет, бирок бет түзүлүшүнө карал жарашыктуу же жарашыксыз болоорун түшүндүрөбүз. Бирок кардар каалап жаткан нерсени жасоого милдеттүүбүз, ошентсе да сулуу көрүнүш үчүн туура нерсени тандоого көмөкчү болобуз.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: