Menu

Чыкеңдин Таласка сапары

Бөлүшүү:

Талас өрөөнүнүн түндүк-чыгыш тарабында Казак Республикасынын Кулан (Луговой) району менен чектешкен “Кууганда” айыл аймагы (Союз убагындагы Энгельс колхозу), Үч-Эмчек айылы, Чөңөр, Кууганды, Тегерек үч өзөндөн куралып, күн чыгышы “Кур-Таш” тоосу менен, кун батышы айтылуу Кең-Көл өзөнү менен чектешип, түштүк-батышы Т алас дарыясынын негизги куймасы Каракол дарыя суусу менен чектешкен. Айылдын айланасы тегерете тоолор менен курчалып, Талас өрөөнүнүн бир булуңунда жайы мээлүн, кышы жылуу уядай мемиреген өзүнчө кооз чөлкөм. Ушул чөлкөмдө,1927-жылдары Совет өкмөтү коллективдештирүү иш-чаралары башталганда үч өзөндө үч колхоз уюшулгандыгы туурасында 2018-жылы май айларында Орозалиев Садырбек аксакалдын айтканы “Менин угушумча “Өрнөк” колхозуна Орусиядан келген Бабра (Боброва болсо керек) деген аял башкарма болгонун уккам”. Ыраматылык Орозалиев Садырбек аксакал 2018-жылдын 12-июлунда 90 жаш курагында көз жумду. Дагы башка уламыштарга караганда Бабра – деген Совет Өкмөтүнүн өкүлү катары үч өзөнгө үч көчөнүн архитектуралык жайгашуу долбоору туурасында эмгекетенген Боброва деген аял экендиги да айтылууда.

Мына ушул Үч-Эмчек айылы Энгельс атындагы колхоз аталып, Ата-Мекен согуш учурунда жана согуштан кийинки убакта колхоздун жетекчилигине (башкарма) Тазабеков Сыдык башкарган учурда, 1949-жылдын апрель айында Тазабеков Тазабеков Мамбетсалы жана Назаралиев Шаршен “Социалисток Эмгекгин Баатырлары”, Андабекова Бактагул СССР Жогорку Советине депутат, Назаралиев Шаршен Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болушкан. Союз учурунда көрүнүктүү жазуучу Касым Каимов, Прежевальск, Нарын драм театрларында драматруг, режиссер болуп эмгектенген Эрменбек Токтогулов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу “Бишкек Курулуш” компаниясынын башкы жетекчиси Молдобаев Аскарбек аталган Үч-Эмчек айылынын тургундары. Атактуу Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев да айылдан чыккан жаран.

Сүйүнбай Эралиев 1963-жылы жайкы чилде учурунда Чыңгыз Айтматовду үй-бүлөсү жана дагы бир-эки адамдар менен биздин айылга түшкө жакын Акаев Кайып-байдын үйүнө жашыл өңдөгү, 8-10 адамдык ГАЗ-69 маркасындагы жеңил машина менен келишти. Жецил машина Талас районунун, Манас колхозунун башкармасы Оморов Шамшынын машинасы. Анткени Оморов Шамшы менен Чыкем Айыл-чарба инстатутунда, зоофакта бирге окушкан экен. Келгенинин бирден-бир себеби Сүйүнбай Эралиев Чыкемди Таласка, айылына сый конокко алып келип, курдашы жана классташы Кайыпбай Акаевдин үйүндө минин атам Чондиев Сүйөркул болуп бирге болушат. Менин атам Чондиев Сүйөркулдун бирге болушу, Кайыпбай Акаев, Орозунбек Дыйканов, Чондиев Сүйөркул, Сүйүнбай Эралиев төртөө бала кезден курдаш жана классташ болушуптур.

Чыңгыз Айтматов Кайыпбайдын үйүнө келиптир деген кабарды уккан көчөнүн тестиер балдары жогорку көчөгө Акаев Кайыпбайдын эшигинин алдындагы жашыл машинаны тегеректеп, качан чыгышат экен, чыкканда көрүүгө кызыккан биз машинаны айланчыктап турабыз. Түш обо үйдөгү коноктор тыныгууга чыгышып, көчөнүн этек жагында Чөңөр суусу менен Кууганды суусунун кошулган жеринен жогорку булакка, булактын айланасындагы саздуу жашыл шиберди карай бет алышып, сейилдөөгө жөнөп калышты. Мына ушул учурда Чыкеме жана анын үй-бүлөсүнө көз салып, балалык кыялдануулар пайда болгонсуп, алардан алыстап, ар тараптан биз балдар эриш-аркак баратабыз. Ошол учурда Чыкемдин жубайы Керез эженин бара жатышын өзгөчө эле кино сыяктуу элестетем. Анткени Керез эженин башындагы чачты желке менен төбөнүн ортосуна түйүп, жайбаракат басышы, анын жанындагы Чыкем эки баласы Санжар менен Аскарды колдон кармап баратканын азыр элестетсем, өзүнчө эле азыркынын кичинекей кино эпизодундай сезилет. Учурунда Санжар (9жашта) менен Аскар (4жашта) болтойгон толук балдар, Акаев Кайыпбайдын дарбазасынын босогосунан аттап өтө албай, Чыкем колтуктап өткөзгөнү көз алдыда элестейт. Ошол учурда биз 10-15 жаштагы балдар элек. Чыңгыз Айтматовдун биздин айылга Үч-Эмчекке келгени тууралуу Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, профессор, милициянын полковниги – Токталиев Курманбек Токтогуловичтин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №26 санынын 11-бетиндеги макаласы далил. Ошону менен катар Талас шаарынын, Москвиченко көчөсүнүн № 198 – үйдүн тургуну, 1990-жылдарда Талас базарынын эт павильонунда коп жылдары ветеринардык врач болуп эмгектенген Алыбаев Эсенгелдинин жубайы Акаев Кайпбайдын кызы Саадат да далилдейт.

Мына ушундай эскерүүдөн кийин 1988-жылы Манас районунда райондук суу чарба башкармалыкта жетекчи болуп иштеп турганда, декабрь айында “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” эс алуу жолдомосу болуп калып, санаториялык эс алууга бардым. Түшкө чейин санаториянын тийиштүү эмдөө иш-чарасы аяктагандан кийин бөлмөдө газета, журналдар менен убакыт өткөзүү. Кайсы газета, журналды албагын, Чыңгыз Айтматов туурасында макалалар сүрөттөрү менен берилип, Чыкемдин өмүрү жана чыгармачылык жолу туурасында окуп таанышып, ошондо мага бир ой пайда болду. Чыңгыз Айтматов тууралуу өздүк фото альбом жасоо. Ал убакта газета, журнал сатуучу “Союзпечаттын” “киоскасы” болоор эле, азыр дале бар, бирок мурдагыдай эмес. Ошол “киоскадан” 3 сом 70 тыйынга 35-25 см. өлчөмүндө фото альбом сатып алып, ошо альбомго Чыкем тууралуу чыккан макала, сүрөттөрдү ж. б. материалдардын жыйнагын топтоого кириштим.

1989-жылдын апрель айында ден соолукка байланыштуу Чуй ороонунун, Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айылындагы дарылоо ооруканасында (ЦРБЛ) дарыланып журуп Чыкемдин чыгармалары жана өмүр жолу туурасында альбомду уланта бердим. Адам баласы жаралганда акын, жазуучу же башка жазуучу же башка бир адистикти, кесиптикти кошо жаратпайт тура, анын сьщарындай больницада бош убакта, сейилдөө мезгилинде кандай дар бир Чыкем тууралуу альбомго өзүмчө суктануу пайда болдубу же илхам келдиби, төмөндөгүдөй ыр саптары келип кагазга тушүрүүге үлгүрдүм.

21.04.89ж. Таш-Дөбө ЦРБЛ

Чыңгыз Айтматовго

Кыргыз элинин уулусуз Чыңгыз ага,

Ысык-Көлдө жүргөндө бир ой келди мага.

Өзүңүзгө жете албадым салам айтып,

Альбом жасоо ой келди сизден мага.

Бул оюмду, альбомду түшүндүрсөм,

Төрт балам бар аялымдан күрсүлдөгөн.

Ушуларга тарбия, таалим, үлгү деген,

Максат койдум өзүмө күтүлбөгөн.

Сизге арнаган колумда белегим бар,

Сизге ошону көрсөтүүгө көңүлүм зар.

Автограф коюп берип койсоңуз,

Таазим кылып, тарбияга күч берээр.

Үсөнбаев Замир Чыңгыз агага баралы,

Сүрөтчүнү алалы,

Сен, мен, Сүйүнбай, Чыңгыз болуп,

Каалагандай сүрөткө түшүп алалы.

Чыкем Сүкөңдүн иниси катары,

Биринчи сыйлыкты алган сапары.

Эсимде 1963-жылдын июль-август айы,

Энгельске келген эле мейман катары.

Ошондо Кайыпбай Бухдун үйүндө болуп,

Айылдагы балдар чогулдук күйүп-жанып.

Сукемдин, Кайыпбайдын курбусу Сүйөркул атам,

Сиздер менен ошондо бирге болуп.

Учкан куштай зымырап убакыт өтүп, аны менен катар өмүр өтүп, он жылдын өтүшү анчалык билинбей, 1998-жылда Чыкемдин 70 жаш курагына даярдыктар жүрүүсү белгилүү болгондо, альбомду коомдук бир адамга жай мезгилинде берип, ушуга Чыкемдин автографын койдуруп берүүсүн өтүндүм. Тилекке каршы, ал адамдан альбом жок болуп кегги. 1998-жылдын ноябрь айы болуш керек эле Таласка эл менен жолугушууга Атай Огомбаев музыкалык мек-тептин жыйындар залында Талас шаарынын эли саат 18-00до толуп, жолугушуу кечки тогуздар чамасында башталды, анткени Шекерде кармалып калганына байланыштуу. Жолугушуу аземи ачылып, сахнада театрлаштырылган көрсөтүүдө Нагима апанын Москвадан келип, Маймак станциядан тушуп калып Шекерди карай балдары менен бараткан эпизоду коргозулду. Көргөндө баягы альбомдун ичинде чапталган газетадагы жазылган окуя эсиме тушуп, ыйлагыдай болдум. Ошол учурда Чыңгыз Айтматов мен, балам Данияр менен олтурган катардан эки катар кийинки катардан үй-бүлөсү менен келип олтурганда баягы альбом эске түшүп абдан окундум, себеби ошондо альбом колумда болгондо өзүм барып эле кол тамгасын алсам болмок экен деп.

Ушул окунучтун ордун толуктоо катары 2017- жылы телевизордон Абдылдажан Акматалиевдин Чыңгыз Айтматовдун 8 томдук чыгармасы жана 3 томдук энциклопедиясы чыккандыгы тууралуу кабарды угуп, алууга далалат жасадым.

2017-жылдын август айында Шекер айылына Бишкектен келген адамдар менен барып калып, Чыкемдин музейин көрүү максаты менен музейди көрдүк. Музейди тейлеген Анара айым Чыңгыз Айтматовдун 3 томдук энциклопедиясы менен тааныштырды. Энциклопедияны алуу максатта издеп, 2018- жылдын май айында толук алдым. Энциклопедияны окуп олтуруп, жараткан жарчысыбы же кандайдыр бир төп келишкендикпи, айтор менин Чыкем тууралуу 2015-жылдын 30-октябрында жазгам ыр саптрымдын төп келиши мага табышмак болду. Аным себеби төмөндөгүчө.

2015-жылы айылдагы агабыз Тайжанов Аманбск байкеден (ыраматылык 2016-жылы өтүп кегги) айылдашыбыз Турдумалиев Сасыкбай демөөрчү болуп, Чыңгыз Айтматов менен Муктар Шахановдун “Аскада калган аңчынын ыйы” деген китебин окуп, экөөнүн аңгемесинен төмөндөгүдөй ыр саптардын илхамы келди.

Чыңгыздын жазуучулук жаш кезинде,

Чыгармасына баа берген Ауэзов Муктар эле.

Чыкебиз карылыкка баш ие баштаганда,

Чексиз сырын ачкан Шаханов Муктар беле.

Кыргыз менен казактын достугуна,

Кыйыр жолду салышкан адамдарда.

Кыйынчылык болгондо калкыбызга,

Кучак жайып бир-бирин достоштурган.

Кыргыз адабиятынын алптары,

Чыцгыз жана Алыкул жарандары.

Бири проза, бири поэзия тармагында,

Кыргыз адабиятын көтөрүштү убагында.

Прозанын фономени Чыңгыз болсо,

Поэзия фономени Алыкул болсо.

Патриоттук дем менен экөө да,

Паракорсуз өтүшкөн бул дүйнөдө.

Энциклопедиянын 3-томунун 713-бетинде Шаханов Муктарга арналган темада “Мен өмүрүмдө, – дейт Ч. Айтматов, – эки Муктар менен байланышта болдум. Анын бирөө мага атамдай камкордук керген устатым жана акылчым Ауэзов, экинчиси, көптөн бери тааныш жана сырдаш ынагым М.Шаханов” – деп жазылган эскермени окуп өзүмө-өзүм таң калдым. Себеби алдын ала эки Муктар туурасында Чыкеме байланыштуу ыр саптарынын дал келишине өзүмө-өзүм таң калуудамын.

Эмгек ардагери

С.Чондиев Талас шаары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: