Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин «Эрдик» медалын маркум журналисттин ата-энесине тапшырды

Бөлүшүү:

«Сиздер татыктуу уулду тарбиялагансыздар. Уланбек бүт кыргыз элинин уулу», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси жана «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова менен жолугушууда.
Мамлекет башчысы журналисттин туугандарына жана Уланбек Эгизбаев иштеген «Азаттык» радиосунун чыгармачыл жамаатына көңүл айтты.
«Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм», — деди ал журналист Эгизбаевдин ата-энесине кайрылып.
Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Уланбек өлкөбүздүн келечеги үчүн күйүп-бышкан чыныгы мекенчил жаштардын алдыңкы катарында болгонун баса белгиледи. Ал коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы күрөшкөн. «Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон», — деп белгилеп, Мамлекет башчысы анын журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш экенин жана алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын кошумчалады.
Журналисттин атасы Токтосун Калиев жана апасы Жыпаркүл Сариева алардын кайгысын бөлүшүп, көңүл бурган Президент Сооронбай Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга ыраазылык билдирди. «Уулубуздан айрылган алгачкы күндөрдөн тартып көңүл бөлүп, колдоп, бизди кайраттандырып келесиздер», — деп белгилешти курман болгон журналисттин ата-энеси.
Президент жакынкы күндөрү Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси андан калган туяктын жарыкка келишин күтүп жатышканын белгилеп, ымыркайдын төрөлүшү азамат уулунан ажыраган ата менен эненин кайгысын жууп, үмүт тартуулайт деген ниетин билдирди.
«Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова коомдук уюмдардын демилгеси менен Уланбек Эгизбаев атындагы иликтөө журналистикасы Фонду түзүлгөнүн жана ал уюм журналисттерди окутуу менен алектенерин айтты.
«Уланбек Эгизбаевдин журналистти иликтөөлөрү маалымат каражаттарынын башка кызматкерлери үчүн үлгү болуп калды. Ал баштаган ишти колдойбуз жана ал уланат», — деп ишендирип, Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин жакындарын жана кесиптештерин Президенттин Аппараты менен байланышта болууну өтүндү.
Президент Сооронбай Жээнбеков таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, ата-мекендик журналистиканын тарыхында сакталып калаарын белгиледи.
Эске салсак, Эгизбаев Уланбек Токтосуновичти (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Мамлекет башчысы 2018-жылдын 30-августунда, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү алдында кол койгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: