Menu

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Манас” аэропортунун жетекчилери эки жылдан бери бир тендерди өткөрө албай жатышат”

Бөлүшүү:

Биз мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо киргизип жатабыз. Мында биз мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тендерлерди өткөрүп жатканда өздөрүнө афирирленген компанияларды сүрөмөлөп, лобби кыла албай тургандай кылышыбыз керек”, – деп билдирди 27-сентябрда депутат Марлен Маматалиев парламенттин акыркы отурумунда.

“Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча тендердин катышуучулары мамлекеттик заказдын баасын жана техникалык стандарттарын  бир учурда сунушташат. Мындай учурда техникалык стандарттары төмөн бирок баасы арзан сунуштар өтүп кетип жатат. Ошондуктан биз тендерлерди эки этаптан өткөрүүнү сунуш кылабыз.  Биринчи этапта тендер техникалык стандарттардын гана конкурсун уюштуруп, андан өткөн компанияларды экинчи этапка – ким арзан баада жасайт конкурсуна өткөрүш керек. Антпесе азыркы мыйзам боюнча мамлекеттик ишканалардын жетекчилери өздөрү лобби кылган компания тендерди утмайынча ар шылтоону таап, тендердин жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра-кайра тендер уюштура берет. Мисалы “Манас” аэропорту эки жылдан бери аэропортко жабдыктарды сатып алуу боюнча бир тендерди өткөрүп бүтпөй коюшту. Мындан эки жыл мурун, биринчи тендерди утуп алган компания аларга жат компания болгондуктан “биз эки-үч жабдыкты кошпой, унутуп калыппыз” деп тендердин жыйынтыгын жокко чыгарып, бир жылдан кийин экинчи жолу ошол эле тендерди өткөрөт.  Кайра эле баягы компания арзан жана сапаттуу сунуш менен утуп алат. Ага карабай “Манас” аэропортунун жетекчилиги тендердин жыйынтыгын тааныбай жатат. Ушундай жол менен мамлекеттик ишканалардын жетекчилери өздөрү лобби жасаган компания тендерди утмайынча кайра-кайра жокко чыгара берет. Биз ушуларга каршы нормаларды иштеп чыгышыбыз керек”, – деди депутат Маматалиев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: