Menu

Абдылдаевдин айласы кетүүдө

Бөлүшүү:

Кийинки кездери тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ысымы чырлуу иштерге байланыштуу көп айтыла баштады. Төбөсүнө сур булут топтолуп жатканына караганда, азыркы бийликтин ичи чыкпай жатат өңдөнөт. Анын үстүнө учурда кадр саясаты кедеринен кетип, баарынын ишпалдасы чыгып жатканда, Абдылдаевдин ордун көздөгөндөр op казып жаткандай. Айтор, туш-тараптан уюштурулган чабуул, кызматынан шыпырып түшчүдөй болуп турат. Мына Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Абдылдаевдин элчилик аркылуу аткарган машина бизнестери, дипломаттык номурлар, паспорттор белгисиз адамдарга пайдаланууга берилип жаткан маселелер туурасында жыландын башын чыгарды. Ал түгүл Тышкы иштер министрлигиндеги былгыган иштер иликтөөгө алынып, териштирүү бүткөнчө өзүн, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевди, министр Эрлан Абдылдаевди иштен убактылуу четтетип туруу өтүнүчүн келтирди. Эми бул чуулгандуу иштен кимдин кулагы көрүнөт күтө туралы…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: