Өзүн Ош шаарынын кожоюну сезип эч кимди көзүнө илбей дөөгүрсүгөн текеберлигинин кесепетин тартып, учурда кылмыш жоопкерчилигинен качып, чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мелис Мырзакматов куйтулана баштады. Башкача айтканда, «президент Сооронбай Жээнбеков Мелис Мырзакматовго кечирим берип, өзүнө таяныч, жөлөк катары Кыргызстанга алып келип кызматка коюшу керек» деген өңдүү жылжыткан маалыматтарды тараттырууда. Мындай амалы аркылуу дале болсо өзүн жогору коюп, мурдун көтөргөн адаты калбаганын туйдурууда. Ош шаарынын мэри болуп турганда Ош облусунун ошол кездеги жетекчиси Сооронбай Жээнбековду теңсинбей дердейген кезин унутуп, шыйпаңдап жатканы намысы жоктугун айгинелерин өзү андабай жатканы кызык… Анан кайсы арына мурдун көтөрөт?…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ