Menu

Конгантиевдер кайрадан ээрге миндиби?..

Бөлүшүү:

Канкор Курманбек Бакиевдин эң эле ишенимдүү «желдеттери» катары таанылышкан ага-ини мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиев менен Молдомуса Конгантиевдердин кезинде жылдызы жанган. Экөө тең күч органдарын тейлеп, оозунан чыккан илебине нан бышкан учур болгон. Анан 2010-жылы Бакиевдер өз элин атып качканда, күч түзүмдөрүнүн башында турган Молдомуса Конгантиев Таласта элдин колуна түшүп жазасын алган. Ошол бойдон Атамбаевдин бийлиги алчу жазасын алды дегендей, жоопкерчилик маселесине кайдигер карады. Азыркы Сооронбай Жээнбековдун бийлиги такыр эле кылмыш ишин токтотуп салды. Айтор, Бакиевдин бийлигинин тушунда Камбаралы менен Молдомуса шапар тепсе, бул бийликтин тушунда эки ага-ининин балдарынын жылдызы жанды. Бири Камбаралы Конгантиевдин баласы Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, төрага болом деп жээликсе, Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиев «Түндүк» темир жол бажысына орун басар болуп дайындалды. Кыскасы, бийликтин Конгантиевдерге  болгон ымаласы ысык…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: