Menu

Лунара Мамытова: Пенсияларды чогултуп чет өлкөдө эс алып, акылыңарды өстүргүлө…

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова Кыргызстанда 6-7 миң сомдук пенсияны чогулутуп, башка өлкөгө эс алууга боло тургандыгын интернеттеги баракчасына жазды. Мамытова жарандарды ушак айтпай акча чогултуп, чет жакка эс алууга барууга чакырды. Ал бул туурасында: “Байлык маанилүү эмес, сен дүйнөнү кыдырып акыл-дараметиңди өстүрүшүң керек. Андыктан керек болсо 6-7 миң сомдук пенсияны чогултуп дүйнөнү кыдырууга болот. Кимдир бирөөлөрдү жамандап ушак таратканды токтотолу. Эртеңки күн бүгүнтөн башталат”, – деп акыл айтты. Мындан улам коомчулукта: «Бул Лунара айым кайсы планетадан келген, пенсиясы айдан-айга жетпей жатса, кайсы акчаны чогултуп эс алышат, мынчалык ооз көптүрбөй, деңгээли тайыздыгын даңазалабай эле отурса болмок», – деген сындар айтылды. Бирок Лунара айымдын мурдун балта кескен жок окшойт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: