Menu

Индонезияны кырсык тооруду

Бөлүшүү:

Айттырбай келген кырсык

Түштүк Чыгыш Азияда жайгашкан Индонезияда 27-сентябрда болгон жер титирөөдөн кийин башталган цунамиден көз жумгандардын саны жекшембинин таңында миңден ашты. Бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп боолголоп жатат. 28-сентябрда кечке жуук Дунгала деген чакан шаарда жер титиреп, бир киши каза болуп, он чактысы жараат алган. Көп өтпөй, туристтер арасында өзгөчө популярдуу деп саналган, жээктен 12 чакырым алыс жайгашкан Палу шаарында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал маалда жүздөгөн адамдар кечинде жээкте өтчү фестивалга даярдык көрүп жаткан. Зилзаладан көп өтпөй цунами башталып, бийиктиги үчтөн алты метрге чейин жеткен толкундар уруп, миңдеген имараттарды алып кеткен. Палу шаарынын үстүнөн дрон менен тартылган видеолордон калаа дээрлик жер менен жексен болуп калганын көрүүгө болот.

Миңдеген эл үйлөрүн таштап кетишти

Индонезиянын Ачех облусунда катталган жер силкинүүдөн улам, 43 миң адам турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Кырсык башталгандан бери үйгө түнөөдөн корккон эл көчөдө эле уктап жатышат. Уранды алдында калган сөөктөр көп. Буга чейинки табышгандардын көбүнүн тек-жайы да аныктала элек. Ошондой эле азыр куткаруучулар жете элек аймактар да бар. Ал кошумчалагандай, куткаруучулардын тийиштүү техникасы жетишпегендиктен урандыларды кол менен тазалоого туура келип жатат. “Мындан улам издеп-куткаруу иштери кеч жүрүп жатат. Учурда Палуга бараткан негизги жол жер көчкүдөн улам буулуп турат. Калаадагы башкы көпүрө да урады. Электр жарыгы жок. Таза суу жетишсиз.

Үч күндө жер 170 жолу силикинген

Майда жер титирөөлөр дагы эле токтой элек. Сейсмологиялык кызматтын билдиришинче, жума күндөн бери жер 170 жолу силкинди. Жыл сайын Индонезиянын аймаганан сейсмологдор күчү 4 баллга чейин жеткен 6-7 миң жер титирөө фактысын каттайт.

Буга чейин

Индонезияда тез-тез жер титирөө болуп турганы маалым. Анын эң ириси 2004-жылы Суматра аралынын жээгинде күчү 9,1 баллга жеткен зилзала болгон. Анда Индия океанынын жээгиндеги аралдарда 226 миң киши, ал эми Индонезияда 120 миң киши курман болгон. Индонезия Тынч океанындагы тектоникалык плиталар кыналышкан жерде жайгашкандыктан, ал жактарда жер көп силкинет. Ошондой бул аймакта 130 активдүү жанар тоо бар.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: