Menu

Трамп: Мексика жана Канада менен сүйлөшүүлөр адилеттүү болду

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп, Эркин соода жүгүртүү боюнча Түндүк Америкалык келишимдин (NAFTA) өзгөрүшүнө байланыштуу Акүйдө маалымат жыйынын өткөрдү.

Трамп бул жаңылык тарыхый мааниге ээ экенин айтып, жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр адилеттүүлүк жана өз ара ишеним принциптерине негизделгенин белгиледи.

Трамптын айтымында, Мексика менен Канада жаңы келишимге жумушчулардын укуктары, айлана-чөйрөнү жана интеллектуалдык менчикти коргоо жоболорун киргизүүгө макул болду. Документ америкалык фермерлердин буудай, жумуртка жана сүт азыктарын Канадага экспорттосуна жол ачат.

Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, соода маселелери боюнча ЕБ менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Кытай болсо эки тараптуу соода келишимин иштеп чыгууга даяр эмес экенин белгиледи.

Канада, АКШ жана Мексиканын ортосундагы үч тараптуу эркин соода келишими (НАФТА) 1994-жылы күчүнө кирген. Дональд Трамп президент болгондон бери аны Кошмо Штаттары үчүн пайдасыз деп, кайра карап чыгуу зарыл деп билдирип келген. Вашингтон үч тараптуу эркин соода келишимин сактап калуу үчүн Мексика менен августтун акырында макулдашууга жетишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: