Menu

БУУ кеңсесинин алдында Түркмөнстандагы мажбурлап иштетүүгө каршы акция өттү

Бөлүшүү:

Түркмөнстандагы пахта терүү.

Укук коргоочулардын эл аралык тобу БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинин алдында Түркмөнстандын пахта талааларындагы мажбурлап иштетүүгө каршы нааразылык акция өткөрдү.

Нааразылык акцияны мажбурлап иштетүүгөжана пахта талааларында балдар эмгегин пайдаланууга каршылыгын билдирип келген «Пахта өнөктүгү» аттуу эл аралык коалиция уюштурду. «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» долбоору бул эл аралык өнөктүктүн мүчөсү жана акциянын уюштуруучуларынын бири болуп эсептелет.

1-октябрда долбоордун редактору Руслан Мятиев бул акциянын максаты — БУУнун Башкы Ассамблеясы менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун көңүлүн мажбурлап иштетүү көйгөйүнө буруу жана мындай тажрыйбаны токтотуу экенин билдирди.

Анын айтымында, мажбурлап иштетүү боюнча баяндамаларды даярдаган түркмөн активисти Гапсар Маталаев 2016-жылы кармалып, үч жылга эркинен ажыратылган. «Биздин пикирибиз боюнча анын иши боюнча сот адилетсиз болгон жана ал күнөөсүз камалган», — деди Мятиев.

«Түркмөнстан мугалимдерди, дарыгерлерди жана башка мамлекеттик кызматкерлерди пахта теримге чыгууга мажбурлайт. Мындан тышкары пахта талааларында азыркыга чейин балдар эмгеги пайдаланылат. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен президент Гурбангулы Бердымухамедовду бул практиканы жоюуга чакыруу үчүн бизге кошулгула», — деп жазылган «Пахта өнөктүгү» уюмунун расмий сайтындагы билдирүүдө.

29-сентябрда Түркмөнстандын президенти БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн. Мурдараак түркмөн лидери бул сапарынын алкагында америкалык ишкерлердин тобу менен жолуга тургандыгы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: