Menu

Өзбекстандагы цемент заводунда иш таштоо аракети болду

Бөлүшүү:

27-сентябрь эртең менен Фергана облусундагы «Кувасайцемент» заводунда иш таштоо аракети болду.

Asiaterra.info интернет-басылмасынын маалыматына караганда, жумушчулар айлык акынын аздыгына, кыскартууларга жана завод жетекчилигинин жасаган мамилесине каршы нааразылыктарын билдиришкен.

«Эртең мененки саат жетиде заводдун жумушчулар түшкөн автобустары дарбазанын алдына токтошту. Андан түшкөн жумушчулар (көбү аялдар) жетекчилик талаптарын укмайынча ишти баштабайбыз деп кесиптик кошуун комитетин көздөй жөнөшкөн», — деп жазды басылма.

Чогулгандарга заводдун техникалык директору чыкты. Андан тышкары милиция жана атайын кызматтын өкүлдөрүнүн коштоосунда Кувасай шаарынын башчысы келген. Техникалык директор чогулгандарды тилдеп, аларды мажбурлап жумушту баштатуу аракетин көрдү. Көп өтпөй уят сөздөрдү айткандыгы үчүн ал милиция тарабынан убактылуу кармалган.

Иш таштоо башталгандан бир жарым саат өткөндөн кийин чогулгандардын алдына заводдун башкы директору менен анын орун басары чыккан. Алар жумушчуларга айтылган маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убадалагандан кийин завод ишин уланткан.

Жумушчулардын иш таштоосуна заводдо жапырт түрдө кызматкерлерди кыскартуу башталгандыгы себеп болгон. Жетекчилик 2018-2019-жылдар аралыгында 500дөн ашык жумушчуну кетирүүнү пландап жатат. Кыскартууларга көбүнчө пенсия курагына жакындап калгандар жана көбүнчө орто жаштагы аялдар иштеген көмөктөшүү кызматтарынын жумушчулары дуушар болот.

Заводду башкы кеңсеси Алматыда жайгашкан «Казакстан цемент компаниясы» башкарат. Акыркы беш жыл ичинде «Кувасайцементте» 15тен ашык башкы директор алмашып, кирешенин бардыгы үлүштүк кирешелерди бөлүштүрүүгө төлөөгө жумшалып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: