Menu

Лунара Мамытова пенсионерлердин оозун ачырып, ээсин оодарды

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматтан алынган орун басары Зууракан Каденованын Түштүк Кореядагы окуясынан кийин бул мекемедеги башка да министр, орун басарлардын огородуна таш түшуп, бар же жок экендиги билинип калды. Сулуулугу менен алгач парламент депутаты болуп, андан кийин министрдин орун басары болуп дайындалган айтылуу диктор кесиптешибиз Лунара Мамытова да дал ушул министрликте орун басар болуп иштейт эмеспи. Бирок Лунара сулуу министрлик креслого отургандан кийин эле дайын-дареги билинбей кеткен. Эмнегедир ЖК депутаты Аида Касымалиева социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 24-сентябрдагы жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилерин, алардын ичинде министрдин орун басары Лунара Мамытованы дипломатиялык паспортун  жеке максатына колдонот деп күнөөлоп чыкты. Көрсө, биз жок дегенде ажарлуу жүзүн бир көрүүгө зар болуп жүргөн  Лунара сулуу ары жагы Австралия, бери жагы Бээжинге чейин кыдырып, “саякатчы министр айым” болуп кетиптир.  Буга Л.Мамытова өзүнүн соц баракчасына төмөндөгүдөй жооп кайтарды: Германия, Бельгия, Турция, Египет, Америка ж.б. өлкөлөргө мен мурун эле барып келгенмин. Министрликке келенге чейин эле. Өз каражатымдан. Себеби менин девизим – дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдыр! Ошондо ички дүнүйөн кенейет, чоңоесуң, акылыңа акыл кошулат. 198.5 чарчы км жердей башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар. Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан  чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке бар”. Бирок чет өлкөгө саякаттоо түшүнө да кирбеген, пенсиясы кар нан менен чайга жетип, дары-дармекке жетпей жүргөн жүз миңдеген пенсионерлер министр айымдын бул сөзүнө эмне дешти билбей оозу ачылып, эси ооп турган кербези.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: