Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Өзгөн шаарындагы археологиялык мавзолейлерди жабуу курулушуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана кызматтык жасалмалуулук фактысын аныкташты.
Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы менен “М.А.” ЖЧКнын ортосунда Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын археологиялык мавзолейин жабуу курулушуна 4 миллион 597625 сом суммага келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Курулуш адистери контролдук ченөө жүргүзүшкөндө Аткарылган иштердин актысындагы иштердин баасы жана көлөмдөрү 1 миллион сомдон көп суммага көбөйтүлгөн фактысы аныкталды.
Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана “М.А.” ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 131 049 сом суммада өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
ЭККМКнын чогултулган материалдары боюнча бул фактка Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу), 221 (коммерциялык уюмдун кызматчысы кызматтык абалын кыянат пайдалануу), 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелеринде (кызматтык жасалмалуулук) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ