Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова эки күн мурун Башкы прокуратурага бюджеттик каражаттан чет өлкөлөргө чыккандыгы тууралуу маалымат берүү үчүн суракка чакырылып, экөө тең түшүнүк кат жазып чыгышты. Элдин эсебинен чалчактагандар сурак берип эле кутулуп кетпей, кызматтан алынып, тиешелүү түрдө жазага алынышы керек. Жээнбековдун ушул маселеге күчү жетээр бекен? Же алкомагнат Шакинин кайын эжесин жоопко тарта албай, элге уят болобу? Мына ушундай чулгандуу маселелер президенттин президенттигинин күч-кубатын сынайт эмеспи. Эл болсо Мындай шылуундарды жоопко тартууну талап кылып турат. Ажо элдин талабын эске алабы?
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ