Menu

«Аблязовго алданган» казак активисти төрт жылга шарттуу кесилди

Бөлүшүү:

Алматы соту активист Асет Нуржаубайды шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратты. Ал чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир жана оппозициячы Мухтар Аблязовго жардамдашкан, алдамчылыкка барган жана өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишине катышкан деп айыпталган.

2-октябрдагы өкүмгө ылайык, Нуржаубай сот залынан бошотулушу керек. Анын апасы уулу төрт жылга эркинен ажыратылган алдамчылык беренеси менен чыгарылган өкүм боюнча даттана тургандыктарын айтты.

Акыркы сөзүндө 30 жаштагы Асет Нуржаубай кылганына өкүнүп жатканын айтып, Аблязовду катуу сындаган. Ал мурдагы банкир аны алдап, ага адвокат жалдап бербей койгонун билдирген. Айыпталуучу ошондой эле Казакстанда саясий көз карашы үчүн эч ким куугунтукталбаганын белгилеп, жарандарды «өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон» Аблязовдун айткандарына ишенбөөгө чакырган.

Буга чейинки жарыш сөздөрдө прокурор Жаныбек Мамытов бул иште жеңилдетүүчү жагдайлар жок экенин белгилеп, Нуржаубайды алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Нуржаубай өлкөдө экстремисттик деп табылган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган алгачкы казак жараны эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: