Menu

Келдибеков келин алып, “Раиммиллион” менен куда болду

Бөлүшүү:

Өткөн аптада атактуу коррупционер” Ахматбек Келдибеков деген Бекболот аттуу уулун үйлөнтүп, Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той өткөрдү. 2016-жылы Болгариядагы “Биволь” иликтөөчү сайты Келдибеков Бекболоттун “Евразия кг” компаниясынын менеджери экенин жазып чыккан. Келдибековдун тоюна кыргыздын баягы эле таза эмес саясатчыларынын көбү жабыла барган. Ахматбек элге байлыгы менен ушундай бир мактанайын дегенби, айтор болушунча ачылып-чачылып, кыргыздын ырчыларына алымсынбай казак менен өзбектин ырчыларынан Дильназ Ахмадиева менен Согдиананы чакырыптыр. Эми бул атактуу ырчылардын гонорары бир нече он миң долларды чапчыры да маалым. Чакыра берсин дейли. Бирок эң кызыгы Келдибеков баласына киши таппай калгансып өкүл ата кылып кыргыз коррупциясынын символу, мындайча айтканда өзүнүн “кесиптеши” атактуу “Раиммиллион” деген каймана атка конгон Райымбек Матраимовду өкүл ата коюптур. Өкүл ата жарашса өз ата сыяктуу эле эмеспи. Эми мындай адамдар өзүнө жылдызы келишкен адамдарды гана кудалыкка тандайт эмеспи. Чынында кыргыз саясатындагы таза эмес адамдар бири-бири менен илме-чалма тууган, куда-сөөк, таяке -жээн, бөлө, карын бөлө болуп жедеп чырмалышып, жетчү жерине жеткен. Ошол жол дагы да минтип былгыган бойдон уланып жатат. Негизи чындык өлгөн жерде, коррупция тайраңдап гүлдөгөн жерде, акыйкаттык ак кепинге оролгон жерде тазалык тамырлабайт экен, аруулук деген таптакыр алыстайт турбайбы, жүзүң кургурдуку десе…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: