“Курбан ыраазы болсун” деген мэр Азис Суракматов өзүн толук кандуу мэр сезип, акырындык менен өз өнөрүн, тактап айтканда жеке кызыкчылык алдындагы максаттарын ишке ашырып жатканы байкала баштады. Маселен, ал Бишкектеги майкөл-сүткөл кызматтарды ээлеп келгендерди кызматтан алып ыргытып, алардын ордуна башкаларды коюп жатат. Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкы башкармалыгынын башчысы Эшенбаевди алып, анын ордуна Улан Азыгалиевди дайындады. Ал эми , “Бишкек жашылдандыруу” департаментине Элнура Жолдошеваны алып келди. Эми алдыда дагы далай кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүп жатканы айтылууда.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ