Menu

Пенсияны көбөйтүүгө 744,4 млн сом керектелет

Бөлүшүү:

Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта:

– 1 780 сом көлөмүндө белгиленген пенсиянын базалык бөлүгү 100 сомго индексацияланат. Мында пенсиясынын жалпы көлөмү өткөн жылкы пенсионердин жашоо минимумунан төмөнкү эсептелген (4 393 сом) пенсионерлер, башкача айтканда 38% пенсионерлер үчүн (246,0 миң адам) индексациялоо жүргүзүлмөкчү. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» КРнын мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 1,07 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4 393 сомду түзгөн жана андан ашпаган пенсиялар үчүн 250 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 394 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 370 сомдон кем эмес индексацияласын;

Жогоруда аталган токтомдордун жыйынтыгы боюнча 4393 сомго чейин пенсия алган пенсионерлердин пенсиясы минималдуу түрдө 350 сомго жогорулайт.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында республика боюнча пенсиянын орточо көлөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиялардын жана киргизилген камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7,1%дан 18%га чейин көбөйөт. Тагыраагы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү орто эсеп менен 10,4%ти түзөт.

Бул иш-чаралар минималдуу чекти белгилөөнүн, ошондой эле пенсия тутумуна чоң чегерүүлөрдү жасаган жарандардын эсебинен аз камсыз болгон жарандардын кызыкчылыктарын коргойт.

648 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого жалпы кошумча муктаждык. Анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 73,0 млн сом, КРнын Пенсиялык фондунун каражаттарынан 671,4 млн сом.

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: