Menu

Тажикстанда өз каалоосу менен аскерге баргандар көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Душанбенин 200дөн ашык тургуну өз каалоосу менен аскер комиссариатына барып, армияда кызмат өтөө каалоолорун билдиришти. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ориф Нозимиён билдирди.

Анын айтымында, өз каалоосу менен аскерде кызмат өтөөнү каалагандардын саны аймактарда дагы көбөйүүдө.

«Өз каалоосу менен келгендердин көбөйүшүнө армиядагы шарттардын жакшырганы жана аскерлерге берилген бир катар жеңилдиктер себеп болууда. Алсак, алар кызмат өтөй турган жерлерди өзүлөрү тандай алышат. Ал эми өлкөнүн жогорку окуу жайларында сырттан окуп жаткандары сессия маалында эс алууга жиберилет», — деди Ориф Нозимиён.

Коргоо министриги өлкөдө кызматка чакырыла турган курактагыларды издеп аскерге алып келүү тажрыйбасы токтогонун билдирүүдө.

«Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» мыйзамга ылайык, Тажикстанда 18 жаштан 27 жашка чейинки эркектер аскерге чакырылат. Быйыл 1-октябрда башталган аскерге чакыруу өнөктүгү ноябрдын аягына чейин созулат. 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: