Menu

Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу кайрылууга жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-октябрда Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу Токтакунов өзү кабарлады.

Буга чейин Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага “Президенттин ишмердигинин кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Аталган норма экс-президенттердин кол тийбестигин шартсыз түрдө камсыздайт.

Бүгүн Конституциялык палата Токтакуновдун өтүнүчүн карап, сөз болуп жаткан мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп таап, бирок анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеди. Токтакуновдун айтымында, ал өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата “кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын” деген мааниде бүтүм чыгарган.

– Конституциялык палата бүгүн татаал чечим чыгарды. Эгер аны жалпак тил менен түшүндүрсөк, ал “экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек” деген бүтүм чыгарды. “Ал эми ал процедуралады Жогорку Кеңеш аныкташы керек” деп, жоопкерчиликти кыйыр түрдө парламентке жүктөп койду, – деди укук коргоочу.

Мындай чечимге юрист өзү “жоктон көрө жогору” деген баа берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: