Menu

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло баштады

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында Өзбекстан менен чектеш, такталбаган аймакта жайгашкан Гава участогундагы автоунаа жолунун 300 метр аралыгы оңдоло баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

– Буга чейин 4 миң адам жашаган Көк-Таш айылынын тургундары пайдаланган жолду оңдоого өзбек тарап каршылык көрсөтүп, бир топ жаңжалдар болуп келген. 1-октябрда ал жерде Өзбекстандын Наманган облусунун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар менен бирге жолугушуу уюштурулуп, эки элди ынтымакка чакырган түлөө өткөрүлдү. Жыйынтыгында кыргыз-өзбек жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, унаа жолун кыргыз тарап, анын жанына агып өткөн каналды өзбек тарап оңдой тургандыгы макулдашылды, -деди Акматов.

Ала-Букадагы Көк-Таш унаа жолунун кээ бир бөлүгү Өзбекстандын Чуст району менен чектеш Гава участкасы аркылуу өтүп, айрым учурларда тургундар аны айланып өтүүгө мажбур болушчу. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: