Акыркы төрт жыл аралыгында 4141 бала асырап алынган. Бул тууралуу парламенттик жыйында эмгек жала социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова айтты. «2014-жылдан 2018-жылга чейинки изилдөөгө ылайык 4141 бала асырап алынган. 4048 баланы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары асырап алса, 93 баланы чет өлкөлүк жарандар асырап алган. 93 баланын ичинен 88 бала АКШга кеткен. Сыртка асырап алууга кеткен балдардын көпчүлүгү оорулуу болгон. Ал эми биздин өлкөдөгү бала асырап ала турган жарандар бир жашка чейин жана ден соолугу бекем балдарды алышат» дейт.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ